AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Кайын энем ич кийимдеримди уурдайт. Айласы кеткен келиндин баяны

Кайын энем ич кийимдеримди уурдайт. Айласы кеткен келиндин баяны

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Саламатсызбы! Bilesinbi.kg порталынан көп адамдардын окуясын окуп калам. Мен да өз баянымды айтып бергим келет. Айрымдар үчүн күлкүлүү болушу мүмкүн. Бирок, айлам кетип баратат. 

Анда эмесе, кеп башынан болсун.

«Алтымыштагы кайын энемдин жоругу таң калтырат»

Күйөөгө тийгениме 5 айдын жүзү болду. Жолдошум үйдүн кичүүсү болгондуктан кайын энем менен чогуу турабыз. Турмуш шартыбыз жакшы. Болгону бир эле көйгөй бар — кайын энем ич кийимдеримди уурдайт. 

Алтымыштан ашып калган аялдын мындай кадамга барышы мени  аябай таң калтырат. Акча тартыш болсо бир жөн, түшүнөт элем. 

Биз үйлөнгөндөн бир жума өтпөй бир-эки ич кийимдеримди таппай калдым. Жууп жайып койгон жеринде жок. Апаман (кайын энемен) сурагандан уялдым. Күйөөмө айтсам, «шамал учуруп кетсе керек», — деп койду. Издеген жокмун. 

«Таякем прокладканы эмне кылмак эле»

Мына эми, жаңы эле алган прокладкаларымдын жарымы жок. Үйдө мен, күйөөм, кайын атам жана кайын энемден башка эч ким жашабайт. Ии баса, ал күнү айылдан бир таякебиз келген. Эми ал албайт да (күлүп). Ким болду экен?

Эстесем, ич кийимдерим мен үйдө жок болгондо жоголот экен: сыртта жүргөндө, базарга же конокко кеткенде.

Апам (өз апам) себимдин жарымын берип жибермек болду. «Кулпусу бар шкаф алып бериңизчи», — деп сурандым. Эртеси бир тартмасы кулпулана турган комод келди. Сүйүнгөнүмдү айтпагыла!

Баары бүттүгө деп ойлогом. Жаңылыпмын. 

«Майкасына оролгон прокладкалар»

Ич кийимимдин кымбат комплектиси (турса, бюстгальтер, халат) бар болчу. Жууп, жайып коюп дүкөнгө кеткем. Келсем бюстгальтерим жок. Суу ич кийимди ким алды!? Ачуум келди. Чыгынып барып апаман сурадым. Ийнин куушуруп, сыртка чыгып кетти.  

Дароо бөлмөсүнө кирип, тартмаларын аңтарып кирдим. Мына кызык…

  • Биринчи тартма — биз үйлөнгөндө жоголгон эки ич кийим.
  • Үчүнчү тартма — майкасына оролгон прокладкалар.
  • Төртүнчү тартма — кургай элек бюстгальтер.

Бул эмнеси, апам тамашалап жатабы!? 

Карып калган аялдын бул жоругуна таң калып бүтпөй келем. Эч кимге айткан жокмун, жөн гана маани бербей коюуну чечтим. Кандай ойлойсуңар, ушундай болушу мүмкүнбү?

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Ич кийимге кам көрүү эрежелери. Гинеколог айтып берет

Ич кийимге кам көрүү эрежелери. Гинеколог айтып берет

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.