AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Кайын энем “эмне ыйлайсың

Кайын энем “эмне ыйлайсың, төрөбөй жүргөн сен эле бекен” деди

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурманыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Баарын жүрөгүмө жакын ала бермей жайым бар. Көчөдөн тааныбаган бирөө жаман сөз айтып койсо деле ыйлай берем. Алты жылдан бери балалуу боло албай жүрөбүз. Эми кандай абалда экенимди элестетип көргүлө.

Кайда барбайын шыбыраган үндөр. “Канча жыл дейсиң?”, “Алты жыл?”, “Көзү ачык эженин номерин берейинби?”, “Убагында кудайга жакпаган иш кылбаптырбы?”, “Күйөөсү таштап кете элек бекен?” ж.б.

Айылга туугандарга барып калсам  төбө чачты тик тургуза турган кеңештерин берип, айрымдары “дем салып коюңуз” деп үйгө чейин молдо чакырып келишет. Тажадым!

Жаңы келин болуп келген күнүм эстен кетпейт. Көшөгөдөн чыгып жумуш кылайын десем, кайын энем, “ташта шыпыргыны, кел шашпай отуруп, чай ичели” деген. Ал убакта акыркы курста окуйт элем. Сабакка жөнөп баратсам, “ай, жүдөбөй алдыгы жоолугуңду чечип, чачыңды жасап албайсыңбы” дегенде аябай таң калгам. Аудиторияга кирип барсам, курсташ кыздар жоолугумду сурашкан. Кайын энем алып койгонун айтсам ишенишкен эмес.

Көрүнбөгөн дарыгерибиз калбады. Үч жолу ЭКО жасадык. Жыйынтык жок. Күн сайын океандай көз жаш төгөм. Ойлоно берип чүнчүп, арыктап кеттим. Күйөөм байкуш эмне кылаарын билбей, чет жакка эс алууга алып барды. Жакшынакай болуп келем, баягы «качан төрөйсүң», «балалуу боло элексиңерби», «дарыландыңарбы» деген суроолорду бирөө-жарым бере баштаса эле мурдагы кейпиме түшөм.

Бир күнү чогуу иштешкен бир эже үч жашар небересин жумушка ээрчитип келди. Ары-бери чуркап ойноп жүргөн. Кокустан столдун үстүндөгү сууну төгүп алды. Эже чуркап бара калып, баланы жулкулдатып, сабап кирди. “Эже, коюңузчу, баланы да урасызбы!” деп ортого түшө калсам, “Сен биринчи өзүң төрөп алып, анан акыл үйрөт!” — деди. Үйгө кантип жеткенимди билбейм.

Кайын энем келди. “Эмне ыйлайсың! Эл айта берет. Дүйнөдө төрөбөй жүргөн сен эле бекенсиң? Ушинтип ар бир сөзгө бышактай берсең эмнең калат? Күчтүү болбойсуңбу? Андай эле каалап жатсаңар бала багып алгыла”,- деп урушту. Ошондо көзүм ачылды.  

Көп өтпөй бала асырып алдык. Кайын энем артынан уланып бала келсин, деп ырымдап, атын «Улан» койду. Той өткөрүп, уулубузга бата алып берди. Күн сайын күйөөм экөөбүз “кичинекейди мен көтөрөм” деп талашабыз, анын кылыктарына жетине албай экөөбүз тең жыргайбыз. 

Ушул жерден кайын энеме рахмат айткым келет. Эч качан “төрөбөйсүн», «уулума бала керек», «кет” деген сөздөрдү айткан жок. Артыман сөз кылгандардын ооздорун бир заматта жаап, ордуларына коюп койчу. Апамдын арты менен минтип балалуу болуп отурабыз.

Эт кууруп жаткам. Көөнүм айнып сыртка чуркап чыктым. Кусуп жатканымды көргөн жолдошум мени дароо доктурга алып келди. УЗИнин “боюңузда бар турбайбы! Оо, эгиз экен!” — деген сөзү дагы деле кулагымда жаңырып турат. Көзүмө жаш тегеренип, өзүмдү кармана албай ыйладым.

Уланым өз атын актады. Биздин үй-бүлөбүздү көбөйттү, бактыбызды улады. Өмүрлү бол балам. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Ооруп төшөккө жатып калгандан кийин кайын энемдин ким экенин билдим

Кышында да эшикке жуунасыңарбы деп кошунабыз каткырып шылдыңдады

Нанга жетпей отурсак, туугандар пардаңар кантет деп сынап кетишчү

Күйөөмө жатыным жок экенин айтсам, берген жообу таң калтырды

Апамды 10 баласы менен таштап кеткен атам бутубузга турганда кайтып келди

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

17 ноября, 2025
3.3k

Киберкуугунтук деген эмне, аны менен күрөшүү жана чоңдордун жана өзгөчө балдардын жашоосунда алдын алуу жолдору тууралуу "Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук фондунун жетекчиси Татту Мамбеталиева менен маек курдук.- Алгач киберкуугунтук...

Кийинки макала
Мода деп программист болуунун кереги жок! Андрей Минкинден кеңеш

Мода деп программист болуунун кереги жок! Андрей Минкинден кеңеш

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.