Мен психологдун жардамына муктажмын. Биз кайын эне, кайын атабыз менен бир турабыз. Кызыбыз бар, экиге чыкты. Кызым катураак ыйлап калса, эле чоң энеси чуркап келип, мени урушуп, баланы алып кетип калат. Бул адаты жинимди келтирет.
Кайын агамдын балдарына да ушинтип болуша берип, алар азыр сөз укпаган, акылы жок балдар болуп бара жатышат. Мен өзүмдүн кызымдын андай болушун каалабайм.
Негизи, атасы экөөбүз тең аны катуу кармайбыз. Энеси жанында жок болсо эле жакшы жүрөт. Ал келди дегиче болду, жөнү жок чаңырып ыйлап, эркелей баштайт. Экиге чыкса деле эмгиче сием дегенди билбейт. Сийип койсо, энеси келип “жакшы кылыпсың” деп кайра ага болушат. Мен анын айткандарын такыр түшүнбөйм, түшүнгүм да келбейт.
Кызыма бир тараптуу, жакшылап тарбия бергим келет. Тооба кылам, кызым эмитеден эки жүздүү болуп баратат.
Кайын энең менен сүйлөш деп кеңеш берсеңер, адашасыңар. Анын түшүнөйүн деген түрү да жок.
Эмне кылышым керек?







