
Жолдошум менен жашабай калганыма үч ай болду. Ортодо үч балабыз бар. Ажырашууга арыз бергенден корком. Себеби, «сот биз тарапта болот, балдарды ала албайсың» деп жатат. Балдарды кайын энеме таштап, Россияда иштечүбүз. Эми болсо «неберелеримди мен баккам, бербейм» деп жатат. Кантип балдарымды алсам болот?






