Саламатсызбы. Кайын энем менен жолдошум тил табыша алышпайт. Көп урушушат. Кайын энем жолдошума “сен өмүрү жыргабайсың!” – деп көп айтат. Биздин эки балабыз бар, аларды да “атасын тартып, эч нерсе жасабаган неме болуп калышат го”, — дей берет.
Жолдошум чынында эле жалкоо. Үйдөгү аялдын да эркектин да жумушун кайын энем экөөбүз кылабыз.
Эми суроом: Менин балдарым жолдошумду көрүп, кайын энемдин айткандарын угуп кандай болуп чоңоюшат? Кийин мени укпай, тилимди албай, айтышып калышабы, деп корком.







