Үч баланын энесимин. Күйөөм экөөбүз ажырашкандан кийин дароо башкага үйлөнүп алган. Көп өтпөй мен дагы турмушка чыктым. Эркектер алганга чейин жыргатам дей беришет экен, азыр оор абалда турам.
“Үч балаңды өзүмдүкүндөй көрөм” дегенинен үйлөнө элек классташымдын сунушуна макул болгом. Чоң той берип баш коштук. Иштеп бутка туралы деп Москвага жөнөдүк. Жумуш таптык. Мага караганда күйөөм жакшы табат, болбоду дегенде күнүнө 5000 рубль. “Мен айлыгымды балдарыма салайын” десем макул болгон. Бактыбыз көпкө узабады.
Кайын энем “акчаңды мага бербесең балам менен жашабайсың”,-деп кыялын көрсөтө баштады.
Күйөөм дагы өзгөрүп апасынын сөзүн сүйлөп калды. Менин айлыгым 28 000 рубль. Ал эми күйөөм айына 100 000 рублдан көп табат. Эки балам бала бакчага барат, атам такси айдайт, апам балдарым менен үйдө. Анан аларга мен жардам бербесем, ким каралашат.
Үйгө түнөбөй калды. Айына бир жолу келип кабар алат. Эми кайын энем уулуна башка аял алып берем деп жатыптыр. Күйөөм, “Акчаңды берсең сени менен болом. Мен жазда кетип үй салам, ал жерде сен дагы жашайсың, болбосо апам тапкан кызга үйлөнөм” деди. Эмне кылсам экен? Айлыгымды аларга жөнөтсөм, балдарымдын тамак-ашы эмне болот?







