AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Кайын эне: “Кашыктарды коноктор уурдаган экен десе

Кайын эне: “Кашыктарды коноктор уурдаган экен десе, өзүмдүн келиним турбайбы!”

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Кайын энем өтө сараң адам. Жатаарда баардык буюмдарын эсептеп чыкмайын уктабайт.

Дем алышта күйөөм менен базарга соода кылганы бардык. Идиш-аяк саткан катардын жанынан өтүп баратып, бирөөсүндө 70 пайыз арзандатуу болуп жатканын көрүп калдым. Эл жык. Биз аялдар мындай жерден жөн кетпей калдык го. Түртүнүп олтуруп, сатуучуга жеттим. Кооз чынылардан бир нече комплект алдым. Сапаты, жакшы деле эмес. Бирок, өз баасынан жарым баада берди.

Баары кайын энемди сыртынан көрүп жакшы адам ойлошот. Үйүнө тууган-туушкан, дос-курдаш деп олтуруп конок көп келет. Кайын энемдей бололу дешеби, айтоор кетип жатып кашык, вилка, кээде чыныларын ырымдап, кымтып алып кетишет. Эми аягы кандай болоорун билип турсаңыздар керек.

Биз өзүнчө турабыз. Кээде түнкү саат 2-3төрдө күйөөмө чалып, кылмышкерлерди таап беришин айтып, ызы-чуу салат. Мындай чалууларга күйөөм ийнин куушуруп кутулат. Кайын энем бул жоругу менен бардык балдарын тажаттып бүттү.

Жоголгон чынылардын ордун толуктап коеюн дегенби, айтоор, базарга барып жаңысын алыптыр. Кызыгы, дал биз чыны сатып алган жерден. Эми акчасына караганы белгилүү да. Кайын энем экөөбүз алган чынылыр окшош болуп калды. 

Ал күнү биздикине ууруларга нааразычылыгын айтуу үчүн келген. Бир маалда күтүлбөгөн жерден идиштер турган текчемди карап токтоп калды:

—  Бул эмне? Көргөн көзүмө ишенбей турам! Ууру! — деп кыйкырып жиберди.

Ордунан ыргып туруп, текчедеги чыныларды ала баштады. Баягы арзандатуудан алган чынылар. Баарын акырын жыйнап, пакетине салды.

— Сенден муну күткөн эмесмин! Уурдап алган кашык, вилкаларымды дагы бер! Коноктор уурдап кетип жатыптыр десе, өзүмдүн келиним турбайбы! Койнумда жылан жатканын билген эмес экенмин да! Уялсаң боло, акмак!

— Бул чынылар сиз сатып алган жерден алынган, — деп түшүндүрүүгө аракет кылдым.

— Жаныңды жебе! Алдамчы! Жалганчы! Буларды алып кетем, калган жоголгон идиштеримдин акчасын бересиң!

Акыркы сөздөр менен мени урушуп, чыгып кетти.

Күйөөм келгенде даттандым.

Ал:

— Тим эле койчу, ал чынылар баары бир арзан болчу, — деди.

— Сен түшүнгөн жоксуң, ал мени ууру деди. Жоголгон идиштеринин баарын мени уурдадың деди. Анан дагы төлөп бер дегеничи. Азамат бир нерсе кылчы! – деп сурандым.

— Болуптур, апам менен сүйлөшөм.

Бүгүн кайын энем дагы келиптир, жалгыз эмес кайын эжеси менен.

— Мен идиштеримди табышым керек. Сенден башка эч ким алган жок. Азыр үйүңдүн баарын карап чыгабыз. Кач жолдон! – деп кайын эжеси менен үйгө сүзүп киришти.

Ачуумду кармай алган жокмун.

— Апа, бул жерде сиздин идиштериңиз жок. Кантип мени ууру деп жатасыз. Дайыма сизге жардам берип, конок кеткенден кийин үйгө түндөп кетчү элем го.

— Кара көздөрү ойноктоп жатат. Күнөөлү да!

Кайын энем жетчү жерине жетти.

— Чыгып кетиңиздер, болбосо азыр милиция чакырам! – ыйлап баштадым. Бул жерде ууру сизсиз, менин чыныларымды алып келип коюңуз! Менин буюмдарымды карашат имиш!

Аялдарды түртүп, эшикти жаап салдым. Эмне десе ошо десин. Эч кимге мени каралаганга уруксат бербейм. Күйөөм бир нече мүнөттөн кийин чалды.

— Апамды үйгө коё берип койчу, эч нерсе уурдаган жок болсоң, эмне жашырынасың, көрүп тынчып калсын да!

— Апаң экөөң бир жерге баргылачы! Ал мага сурак жүргүзгөндөй милиция беле. Кетсең апаңа кете бер! Ууру эмес аял алып берет! — деп телефонду өчүрүп таштадым.

Ошондон бери кайын энемдикине барбайм. Той-топур болсо күйөөм эле барып келет. Башка уурдабаган келиндери жардам берип жаткан имиш.

 

 

 

 

 

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
"Мал багам

"Мал багам, өзүмдү кармана албай койлор менен кумарымды кандырам"

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.