Саламатсызбы! Турмушка чыкканыма 7 жыл болду. Жаңы үйлөнгөндө эки жылдай кайын эне, кайын ата менен жашадык. Бизге аябай кийлигишчү, күйөөм экөөбүздү уруштурушчу, көңүлүмдү калтырган сөздөрдү айтышчу. Балам төрөлгөндө чыдай ажырашалы же бөлүнөлү дедим. Бөлүнүп уруш-талашы жок жакшы жашап калдык.
Эми кайра чогу жашайбыз деп жатышат. Менин болсо жашагым келбейт. Катуу көңүлүмдү калтырышкан. Ичимде кегим бар. Күйөөм менен ажырашкым дагы келбейт. Өзүмдү кыйнап, чыдап дагы жашагым келбейт. Кандай кылсам болот?
Чогуу жашайбыз дегенди уккандан бери ичимден кыйналып, нерв болуп жатам. Учурда боюмда бар, иштеп дагы кете албайм.







