AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Кайын атама телефон чалууга милдеттүүмүнбү? Жаш келиндин окуясы

Кайын атама телефон чалууга милдеттүүмүнбү? Жаш келиндин окуясы

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg сайты окурмандардын суроолоруна анонимдүулүктү сактап  эксперттерден жооп алып берет.

Турмушка чыкканына бир жыл болгон Мээрим, үй-бүлөлүк жашоосуна нааразы экенин жазды.

Жолдошум экөөбүз сүйлөшүп жүрүп баш кошконбуз. Мен аны эрктүү, чечкиндүү мырза деп ойлогом. Көрсө жаңылыпмын.

Бирге түтүн булатканыбызга бир жыл болду. Азыр ажырашкым келип турат. Мен иштеп тапкан айлыгымды кайын журтума берем. Жолдошум ага унчукпайт. Өзү иштебейт, үйдө.  Ошондуктан мага акча бермек тургай кайра менден алат.

Башка шаарда иштейм. Кээде жол киреме, тамак ашыма тыйыным жок, отуруп калам. Өзүмдүн ата-энем, керегиңе жаратып ал деп, кайра мага акча беришет.

Андан сырткары кайын энем шылтоо таап эле мени урушуп, күйөөм экөөбүздү кагыштыра берет. Акыркысында телефон чалып койбойсуң, деп чыр салды. Мен эмне кайын атама телефон чалганга милдеттүүмүнбү? Акчамды бергеним аз келгенсип, эми барына бирден телефон чалышым керекпи?

Бир жылда ушунчалык көңүлүм калды. Стресс болгонуман боюма да бүтпөй жатат окшойт.

Асель Баимбетова, психолог

Сиздин турмушка чыкканыңызга бир жыл болуптур. Негизи үйлөнгөндөр бир жылдан кийин бири-бирин жакшы билип, мурда байкалбаган кылык-жоруктарын, адаттарын көрүп нааразы боло башташат. Бир жылдан кийин мамиледе кризис башталып, адамда “туура кадам кылдымбы”, “ушул адамды тандап жаңылышкан жокмунбу”, — деген ойлор пайда болот.

Ошондой эле, сиз жаңы эле турмушка чыгып, ал үй-бүлөдөгү чоң милдеттердин бирин өз мойнуңузга алып, аларга акча салат экенсиз. Баш кошконго чейин алардын үй-бүлөсүндө шарттары, салттары, ич ара мамилелери кандай экенин билчү белеңиз? Жаңы үй-бүлөгө кошулуу, көнүп кетүү оңой эмес. Ал жактагы эрежелер кандай экенин билбегенде эки эсе оор.

Сиздин катыңыздан жолдошуңузга болгон мамилеңиз жана сезимдериңиз тууралуу эч нерсе окуй алган жокмун. Ал мурда иштечү беле?

Сиз аябай чарчагандай сезилип турат. Бирок, бул ажыраша турган себеп эмес деген пикирдемин. Чарчагандыктан жалаң негативди көрүп жатасыз. Жолдошунуз менен ачык сүйлөшүп көрүңүз. Мүмкүнчүлүк болсо отпуск алып эс алыңыз. Болбосо психологго кайрылып көрүңүз.

Лариса Илебезова, гендер боюнча эксперт

Акча каражатын тартып алуу, негизги муктаждыктарга каражат бөлүп бербөө — булар мыйзам боюнча экономикалык зомбулук болуп саналат.

Бирок, сиздин учурда, кайын журтуңуз акчаңызды тартып алган жок да туурабы? Сиз аларга өз эркиңиз менен берип жатасыз. Демек бул жерде эч кандай мыйзам бузуу жок.

Бул маселени чечүү үчүн 3 жолуңуз бар:

  1. Бардыгына чыдоо, моюн сунуу, ошо бойдон калтыруу.
  2. Күйөөңүзгө жана кайын журтуңузга ачык айтып, сүйлөшүп алуу. “Менин айлыгым “мынча” сом, анын бир бөлүгүн силердин тамак ашыңарга, кийим кечеңерге, коммуналдык төлөмдөргө ж.б. бөлүп берүүгө даярмын. Калганын өзүмдүн керектөөлөрүмө калтырам. Ошондуктан бардыгын бербейм” — деп.
  3. Айлыгыңыздын канча экенин так айтпайсыз. Кыргызстандагы айымдардын жана эркектердин басымдуу бөлүгү айлыгынын канча экенин үй-бүлө мүчөлөрүнө так айтпай жашырышат. Акчанын жарымын айтып, болгону ушунча таптым дейсиз да калганын жеке керектөөлөрүңүзгө жумшайсыз.  

Бул суроону эртелеп чечиңиз, болбосо таарынычтарга, нааразычылыктарга акыры конфликтерге алып келет.

Бактылуу болуңуз! Ийгилик каалайм!

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Балдарым чарчап

Балдарым чарчап, курсактары ачкан. Мигранттардын окуясы

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.