AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Кайын атама "эркелебеңиз" деп айтып алып

Кайын атама «эркелебеңиз» деп айтып алып, кол булгалап ыйлагам

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет жаш келиндин катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз. 

Кайын атамдын өткөнүнө алты жыл болду. А мен сагынып ыйлай берем.

Бүлөсүнө кошуп, кыз кылып алганы үчүн кайын атама абдан ыраазымын. Мени өз кыздарынан дагы артык көрөр эле. Бир дагы жолу катуу сөз айтпады. Ар дайым мактап басып жүрөт. Ушундай жакшы адамдарды эрте кеткени өкүндүрбөй койбойт.

Кайын атамдын ашказаны ооруп каза болду. Ооруп калганда биздин үйдө болду. Күйөөм ишке кетет. Ал келгиче кайын атам экөөбүз чай ичип божурашып отура беребиз. Сакайганда айылына кетмек, аттиң, жакшы боло албады…

Айыкпай турганына көзү жеткен соң, үйүнө кетүүнү чечти. Машина келип токтоду. Мен жүктөрүн багажка салып, көз жашымды жашырып, ага көрүнбөй эле коюуну чечтим. Бирок, кайын атам, шоферду токтотуп, мени чакырды. “Айланайын, бактылуу бол. Өмүрү жамандык көрбө. Мен сенден ыраазымын”,-деп чекемден өптү. “Ата, коштошпоңуз, сөзсүз жакшы болосуз. Ата, жүрөктү түшүрүп эркелебеңиз. Мына көрөсүз жакшы болуп кетесиз, мен сизди көргөнү барам”,-дедим. Көз жашымды агызган боюнча кол булгалап кала бердим.

Каза болгонун укканда ичим эзилип көпкө ыйладым. Бул мен үчүн орду толгус чоң жоготуу эле.

Мен кайын атамды “ата” деп үйрөнгөнмүн. Мен үчүн атам бойдон кала берет. “Ата, сизге абдан ыраазымын. Мен сизди аябай жакшы көрөм. Мен үчүн кылган жакшылыктарыңызды эч качан унутпайм. Күн сайын сиз үчүн дуба кылам. Дагы жашап, неберлериңиздин жакшылыктарына күбө болсоңуз кана… Сиз эсимде мыкты кайын атанын үлгүсү бойдон кала бересиз.”

Балдарым чоң атасындай зирек, акылдуу, мээримдүү болушун каалайм. Деги эле баарыңыздарга меникиндей “ата” насип кылсын.

Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү. Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, макалага тиешеси жок!

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кудагыйыма “кызымды көлөкөгө баккам” десем, “мен деле күн көрсөтпөйм” деди

Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
ЗАГС кыркыла электе күйөөм башкага үйлөнүп алды. Алимент өндүрө аламбы?

ЗАГС кыркыла электе күйөөм башкага үйлөнүп алды. Алимент өндүрө аламбы?

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.