Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.
Нурайым (аты өзгөртүлдү) бир ай мурун күйөөгө тийген. Турмушунда баары жакшы. Болгону кайын атасынын бир жоругу аны таң калтырат.
Кайын атамдын бул адатына эч ким маани бербейт
Саламатсызбы! Эмнеден баштарымды билбей турам. Кээ бирөөңүз үчүн күлкүлүү бир имиш сыяктуу болушу мүмкүн, бирок бул чындык.
20 жаштамын. Шаардагы ЖОЖдордун биринде окуйм. Бир ай мурун кыялымдагы ак көйнөктү кийип турмушка чыккам. Кайын журтум менен бирге турабыз, баары мага жакшы мамиле кылат.
Болгону… Эми эмне десем… Кыскасы… Уфф, кайын атам үйдө парашют турсачан жүрөт. Оба, турсачан! Газета окуйт, тамак ичет, телевизор көрөт. Кызыгы, эч ким үндөбөйт.
Мен аны карагандан уялам. Мына, кечээ дааратканага (үйүбүздүн сыртында) баргам. Чыксам кайын атам күтүп туруптур. Турсачан! Уялганымдан жерге кирип кеттим.
Бул адатына кантип көңүл бурбай койсом болот? Балким, кайын энем менен күйөөмө айтып көрөм. Алардын мага болгон мамилесин бузуп алам деп корком.
Адистер кеңеш берет
Тамара Воронцова, психолог
Кымбаттуум, сиз өзүнүн эрежелери жана тартиптери бар үй-бүлөгө кирдиңиз. Кимдир бирөө турсачан жүрөт, кимдир бирөө башкача тамак жейт дегендей. Сиз башка эрежелерге көнгөнсүз, күйөөңүздүн үйүндө башкалар колдонулат.
Кайын атаңыздын турсачан жүрөгүнө токтолсок – ал 30-40 жылдан бери үйүндө ошентип жүрөт, балким сиздин атаңыз же күйөөңүз деле ошондой. Ал кайын атаңыз өз атаңыз экенин элестетиңиз.
Балким күйөөңүздүн ата-энесине деле бир жериңиз жакпайт, бирок алар сизди кабыл алып, унчукпай жүрөт.
Көнүп каласыз, турмушка чыкканыңызга бир ай эле болуптур. Батыраак көнүү үчүн юмор менен мамиле жасаңыз: кайын атаңыздын турсасына балык, балмуздак же козу карын аппликацияларын жабыштырып койсо кандай болоорун элестетиңиз. Күлкүңүздү келтирет, абалды кабыл алуу жеңилирээк болот.
Кайын энеңиз менен күйөөңүзгө эч нерсе дебеңиз, алдыда дагы көп түшүнбөстүктөр болот, ошондуктан компромисс издеңиз. Айрыкча, алар сизге жакшы мамиле кылат экен. Албетте, аз эле убакыт өттү дечи, бирок, баары али алдыда.
Ильдар Акбутин, психолог
Кайын атаңыз үйүндө турсачан жүрүшүндө таңкалыштуу эч нерсе жок. Кыязы, ал сиз келгенге чейин эле ошентип жүрчү. Эгер ал сизди өз кызындай кабыл алса, бул нерсенин жаман жери жок.
Кайын атаңыздын бул адатын уят кылууга аракет жасап, ал үйдө өз эрежелериңизди орнотууну кааласаңыз, сизге болгон мамилелери бузулат.
Жакшысы, кайын атаңызга, анын үйдө турсачан жүргөн каалоосуна болгон мамилеңизди өзгөртүү жеңилирээк болот.
Эгер өз атаңыз турсачан жүрсө, ага кандай мамиле жасайт элеңиз? Кайын атаңыздын турсачан жүрүшүнүн уяты эмнеде? Антип кийинишинин себептери кандай? Бул ыңгайлуулукпу? Же салкыныраакпы?
Аны табалабай, ниеттерин түшүнүүгө аракет кылсаңыз, кайын атаңыздын бул өзгөчөлүгүнө болгон мамилеңиз жеңилдейт.







