AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Кайын атам "менин келиним жүгүнбөйт"

Кайын атам «менин келиним жүгүнбөйт»,- деп конокторго жүгүнтүрбөй койгон

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир келиндин катын жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү.

Жоолук салынбайм, жүгүнбөйм, кызмат кылбайм. Кайда барбайын сыйлуу жилик алып, төргө отурам. “Сарыбайдын келини” дешип баары менден чочулап турушат. Мен барда ашыкча сөз сүйлөшпөйт. Эми балким артымын ушакташкандыр, бирок жанымда жүргөндө “Аселка, Аселка” дешип, көңүлүмдү карап турушат.

Бир учур эсиме түштү. Тойдо жүргөнбүз. Ашканага идиш көтөрүп баратсам, жеңелер шыбырашып жатышыптыр.

— Боорсокту Сарыбай тайкемдин келини бышырсын. Ысыкта оттун жанында тургум келген жок.

— Анда ага өзүң айт, мен айтпайм.

— Жок, ай сен эле айтасың.

— Апей, койгула андайыңарды. Сарыбай тайкем келинин боорсок жасатып койгонубузду билсе жөн койбойт.

Кайын атам сексенге келип калды. Оор басырыктуу, сүрдүү адам. Ага сүйлөгөнгө көпчүлүк батына бербейт. “Сен айтчы, сен айтчы” дешип качып турушат.

Мага өз кызындай мамиле жасайт. Конокко чогуу барсак, жанына отургузуп “курсагыңды тойгуз”,- деп, жилигин берип коет. Башында “башкалар эмне дейт”,- деп, тартынчумун. Бара-бара кайын атам мени сыйлап турса, эмнеге тартынышым керек дедим. Кайра сыйлуу келин экениме сыймыктана баштадым.

Бир нерсе айтайынбы. Башка келиндер мени көрө албайт (күлүп). Албетте, жыргап жүргөн келинди көрүү кимге эле жаксын, туурабы?

Жаңы келин болуп келгенимде, кайын атамдын туугандары келип “кел, мага жүгүнчү, бир сынайын” дешкенде, кайын атам “менин кызым эч кимиңерге жүгүнбөйт” деген. Баары “кечириңиз, кечириңиз” дешип сыртка чыгып кетишкен.

Сүйүктүү сүт чайын кайнатып алып барып берсем, ыраазы болуп тим эле сүйүнөт. “Ата, эмне жейсиз, шорпо жасап берейинби” десем, “кызым жасаган тамактын баарын жей берем”,- дейт. Күн сайын «көп жаша» деп батасын берет. 

Ар дайым элдин көзүнчө мени мактап турат.

— Ии, кана айткылачы, менин келиним кандай экен?

— Сиздин келиниңизди жаман деп өлө албай жүрүптүрбүзбү? Сонун, сонун!

Өз кызындай кабыл алып, элдин алдында баркымды көтөргөн кайын атама ыраазымын.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, интернеттен алынды! 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

Себим келгенден кийин кайын энемдин көңүлү көтөрүлүп мамилеси өзгөрдү

“Бизге тең эмессиң” деп келин кылбай койгон кайын энем тоюмда кызмат кылды

Он бир жыл чогуу жашагандан кийин тизелеп аялымдын колун сурадым

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Окуучулар билген суроолорго жооп таппай

Окуучулар билген суроолорго жооп таппай, алдактап калбаңыз. Кызыктуу тест

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.