AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Кайын атам кемпирими жаныма алып келип койгула деп ыйлаганын унутпайм

Кайын атам кемпирими жаныма алып келип койгула деп ыйлаганын унутпайм

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурманыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Күйөөмдүн ыйлаганын биринчи жолу көрүшүм. Кучактап отурдум. Ушундай буулугуп ыйлады. Анан тиземе жаткан бойдон уктап калды. Чачынан сыладым. Бутум уюп чыкты. Бирок, ойготуп албайын тургузбадым. 

Кайын атам менен кайын энем пенсионерлер. Жетимиштен ашып калышты. Келин болуп келгениме алты жыл болду. Экөөнүн оорудум дегенин укпадым, эркелеп балдарын кыйнаганын көрбөдүм. Жумуш кылып эле жүрө беришет. Качан үйүнө барбайлы баары таза, өз ордунда. 

Кайын энемди балдары үйүнө көп алып кетишет. Мисалы, «апа, тойго барып келели, балдар менен отуруп турасызбы», «апа, коноктор келет экен, балдар менен отуруп турасызбы», «апа, аяштар менен отурушубуз бар эле, балдар менен отуруп турасызбы» ж.б. Биз деле бир-эки жолу балдары таштап кеткенбиз. 

Кайын атам экөө неберелерин башкача жакшы көрөт. Ар бир небересине тоок, кой энчилеп коюшкан. Балдарыбыз үйүнө барганда дароо сарай жагына чуркашат. «Мына меники!» дешип козуларын көрүп сүйүнүшөт. 

Күйөөм экөөбүз кабар алганы барганбыз. Кайын атам үйдө жалгыз экен. Апамы сурасак кайын эжем алып кеткенин айтты. Канча күн болду десек, бир жумадан ашып калыптыр. Бүгүн келмек экен. Мен үйдү жыйнап тамак жасадым, кирлерди жууп жайып койдум. Кайын атам рахматын айтты. Анан баарыбыз чайга отурдук. Бир маалда кайын агам келип калды. Анын артынан кайын эжем кайын энемди алып келди. Кайын агам ошондо:

— Апа, сизге келгем, тиги балдар менен отуруп турасызбы?

— Макул, балам, макул.

Кайын атам колундагы чынысын столго тарс эттире койду. Чочуп кеттик. «Кемпири жаныма алып келип койгула. Апаңар силерге бала багуучу эмес. Улам бириңер алып кетесиңер. Мен силерди ушинтип тарбияладым беле. Жаштыгыбыз силерди бакканга өттү, эми карылыгыбызды дагы алганы жатасыңарбы.» Дагы көп нерселерди айтты. Көзү жашып чыкты. Анан туруп алып кетменин алып бак жакка кетип калды. 

Кайын энем маани бербей эле коюушбузду суранып тыбырчылап чыкты. Ак көңүлдүгүн ай, мынча жакшы адам. Кайын агам менен эжем атасынан артынан кетти. Анан аны ээрчитип келишти. Эмне деп сүйлөшкөнүн билбейм, бирок маанайлары жакшы болчу. 

«Атамдын ыйлаганын ббиринчи көрүшүм. Уялдым.» Күйөөм үйгө келип ушинтип ыйлады. 

Азыр баары жакшы. Кайын атам менен кайын энем көлдө эс алууда жүрүшөт. Буйруса эртең күйөөм барып алып келет. 

Айтайын дегеним, өзүбүздү эле ойлобостон, башка бирөөлөдүн деле жеке жашоосу бар экенин унутпасак. Карыган кишилерге бала багуу жагат десеңр жаңылышасыңар. Алар тынчтык керек. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Себим келгенден кийин кайын энемдин көңүлү көтөрүлүп мамилеси өзгөрдү

“Бизге тең эмессиң” деп келин кылбай койгон кайын энем тоюмда кызмат кылды

Он бир жыл чогуу жашагандан кийин тизелеп аялымдын колун сурадым

 

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Тамада "кыздын атасы ким" деп жарама туз сепкенде

Тамада "кыздын атасы ким" деп жарама туз сепкенде, алты киши "мен" деп чыкты

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.