AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Кайын атам болбосо тойлорго бара албай үйдө камалып отура бермекпиз

Кайын атам болбосо тойлорго бара албай үйдө камалып отура бермекпиз

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет кайын атасын мактаган жаш келиндин баянын жарыялайбыз. 

“Жашсыңар, элден калбагыла” деп ар дайым чакырган жерге жөнөтөт

— Ата, памперси бул жерде, боткосу мына, кайнак сууга салып туруп бересиз, сүтү муздаткычта.

— Билем, билем, тур жөнөй бергиле, кечигесиңер.

— Чоң рахмат ата!

— Ай, эмне рахмат айтып жатасың, акыры өзүмдүн неберем го.

Баары эле силерге өздөрүнүн кайын-журтун мактап жазышат. Мен деле алтындай болгон кайын атам жөнүндө айтып бергим келди. Ишенбесеңер ишенбей эле койгула, бирок мындай адамдар сейрек кездешсе дагы бар.

Кайын атам мага салыштырмалуу балдарымды жакшы карайт. Көтөнүн жууп, алдын заматта кургактап, сүтүн берип, курсагын тойгузуп, уктатып коет. Өзгөчө коляскасына салып алып көчө кыдырганды жакшы көрөт. 

Күйөөм экөөбүз бир нерсе болсо дароо атама чалабыз. “Ата, ичи катып жатат, эмне кылалы”, “ата, жөтөлүп калыптыр”, “ата, температурасы түшпөй жатат” ж.б. Шашпай отуруп алып баарын түшүндүрүп берет.

— Койчу ай, чындап эле балдарыңды кайын атаңа таштадыңбы?

— Ооба, анын эмнеси бар экен?

— Баары бир ишенген жокмун. Жанында каралаша турган адам барбы?

— Жок, кайын атам өзү эле карайт.

Той-топурга ээн-эркин барып келем. Курбуларым “балдарыбыз ыйлап калды” деп той ортологондо эле шаштылары кете баштайт. А мен жайбаракат жүрө берем. Анткени кайын атама эки жүз пайыз ишенем.

Үйгө барсак уктабай бизди күтүп отурган болот. Чогуу отуруп алып тойдон алып келген кешиктерди жейбиз. Бир күн кечке болгон балдарыбыздын кылыктарын айтып берип боорду эзет.

Кайын атам болбосо күйөөм экөөбүз балдардан чыга албай үйдө камалып отура бермекпиз.

“Жашсыңар, элден калбагыла” деп ар дайым чакырган жерге жөнөтөт. Кээде “жакын арада тоюңар барбы, неберелеримди качан таштап кетесиңер” деп өзү чалып калат. Балдарым дагы чоң атасына аябай жакын. Көчөнүн башында бизди күтүп турганын көрүп, машинадан түшүп чуркап барышат. 

Мирлан Баековдун “Неберем” деген ырын билсеңиздер керек. Балдарымды алдына отургузуп алып ошону ырдап отура берет. Аны көрүп алып көзүмдөн жаш агат.

Ата, сизге абдан ыраазымын. Ушу неберелериңиздин, биздин маңдайыбызда күлүп-жайнап жүрө бериңиз. Күн сайын кудайдан сиздин өмүрүңүздү тилейм.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Себим келгенден кийин кайын энемдин көңүлү көтөрүлүп мамилеси өзгөрдү

“Бизге тең эмессиң” деп келин кылбай койгон кайын энем тоюмда кызмат кылды

Он бир жыл чогуу жашагандан кийин тизелеп аялымдын колун сурадым

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Эрмек Нургазиев: “Кыргызстан” партиясы ийгиликтүү адамдардан куралган”

Эрмек Нургазиев: “Кыргызстан” партиясы ийгиликтүү адамдардан куралган”

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.