AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Кайын агамдын айтканын жасадым эле

Кайын агамдын айтканын жасадым эле, күйөөм «сүйөм» деп айтты

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет жаш келиндин катын жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү. Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, макалага тиешеси жок!

Эмнегедир үйлөрүнө баргым келе берет. Экөөнүн бири-бирине жасаган мамилеси ушундай сонун дейсиң, карап эле отура бересиң. Тамашалары, көз караштары, мамилелери, эх, жүрөктү гана эзет го…

Алгач келин болуп келгенде булар жаңы эле үйлөнүшкөнбү деп ойлогом. Күйөөмөн сурасам, быйыл жыйырма жыл болорун айтып таң калтырды. Кантип сүйүүсүн ысык бойдон сактап калышты? Ушул күнгө чейин башым жетпей келет.

Кайын агам тамак жейби, сок ичеби, айырмасы жок, ар дайым жарымын аялына калтырып коет. Кичинекей конфетти дагы бөлүп, аны кайра тышына ороп чөнтөгүнө салып алат. Тойлорго жетелешип келатканын көрсөң, өзүнчө эле романтика. Улам бири-бирин сүрөткө тартып, музыка болгон сайын бийге чыгышат.

Туугандары экөөнү «Ромео менен Джульетта» деп коюшат экен.

Жеңем жол кырсыгынан кийин аксап  калыптыр. Бутуна алты жолу операция жасалган экен. “Байкем байкуш, жеңемдин онтолоп жатканын көрүп күн сайын ыйлайт эле”, күйөөм ушинтип айтса, элестетип алып жаман болдум.

Баягы күнү үйүнө барып калдым. Кайын агам жеңемдин бутун ушалап берип жатыптыр. Анан ал сыртка чыгып кеткенде, жеңем сөз баштады.

— Күн сайын ушалап бермейин уктабайт. Атайын массаж курсуна дагы барып бир нерселерди үйрөндү. Баспай калат деп коркот окшойт. Анан кантсин байкуш, авариядан кийин үч ай төшөктө жатпадымбы.

— Жеңе, сизден бир нерсе сурайын дегем.

— Айта бер, эмне суроо эле.

— Кантип сүйүүңөрдү ысык бойдон сактап калдыңар?

Каткырып күлдү.

— Ал мага кам көрөт, а мен ага, болду анын башка сыры деле жок. Үйлөндүк, бүттү деп баарын таштап койсок, эбак эле ажырашып кетмекпиз. Сүйүү – бул аракет. Күн сайын бир нерсе кылбасаң, жалп эле өчөт. Мисалы, мына биз, бат-баттан кучакташып турабыз. Анан дагы күн сайын “мен сени сүйөм” ,-деп айтабыз. Бул сонун нерсе, кадимкидей жардам берет.

— А биз урушуп кеткенде кучакташмак тургай, бири-бирибизди көргүбүз келбей калат.

— Эч качан антпеш керек. Урушсаң дагы кучакташ, жүрөктөр бири-бирине жакындаганда таарыныч заматта жоголот. Мына, мени айтты дейсиң, сен жасап көрсөң.

Аркы-беркини сүйлөшүп алып үйгө жөнөдүм. Келсем күйөөм сыртта машинасын оңдоп жатыптыр. Жанына барып, “мен сени сүйөм”,-деп кучактадым. Башында таң калып турду, анан май колун мурдума тийгизип, “Мен дагы сени сүйөм, каражан”,-деди.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кудагыйыма “кызымды көлөкөгө баккам” десем, “мен деле күн көрсөтпөйм” деди

Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

17 ноября, 2025
3.2k

Коммуникация - адамдын жашоосунун бардык тармактарынын негизи болуп саналат. Заманбап дүйнөдө "коммуникация" түшүнүгү ар кандай чечмеленет, бирок акыр-аягы барып бул адамдардын ортосундагы маалымат алмашуу процесси экенине алып келет. Психолог Елена...

Кийинки макала
Бат эле уктап калуунун сыры

Бат эле уктап калуунун сыры

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.