AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Кайним качып кетели дейт. Айласы кеткен келиндин баяны

Кайним качып кетели дейт. Айласы кеткен келиндин баяны

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Редакциябызга келип түшкөн бул келиндин катында кайниси тийишип жатканы баяндалат.  

Мас болуп келип, сүйүп калдым деп ырдады

Саламатсызбы! Мен 22демин, 5 ай мурун турмушка чыккам. Күйөөм 27 жашта, абдан боорукер жана жоош жигит. Азырынча кайын-журтум менен бирге турабыз.

Кайын-энемдер мени жакшы кабыл алышты. Бактылуумун! Болгону, кайним тажатып жиберди.

Ал менин теңтушум, студент, абдан “шустрый” жигит. Күйөөм жумушка кеткенде, мага көз кысат, жаныман чыкпайт. Чын-тамашасы аралаш ар кайсы сөздөрдү айтат. Мисалы, “качып кетпейлиби”, “байкем ажырашса, сизге үйлөнмөкмүн” ж.б.

Кокустан алдыман чыга калып, чачымды, колумду кармап, кучактай калат.

Кечээ мас болуп келип, “жеңемди сүйүп калдым” деген бир ырды ырдады. Күйөөмдөн уялганымды айтпа.

Аргам кетип, “дагы бир жолу кокустук деп, колуңду мага тийгизе турган болсоң, байкеңе айтам”, — десем, “сага ишенет деп ойлоп жатасыңбы”,-деди. Эмне кылсам болот? Күйөөмө, ата, апама кантип айтсам? Аны менен жалгыз калгандан корко баштадым.

Адистер эмне дейт 

Психолог Тамара Воронцованын айтымында жаш жубайлар туугандар же ата-энеси менен жашасын деген эскирген салттын жыйынтыгы ушундай болот.  

«Жаш жубайлар өзүнчө жашашы керек, болбосо алар эч качан толук кандуу үй-бүлө боло албайт!

Күйөөнүн туугандары келинге адаттан тыш биринчи аракет жасаганда эле, дароо токтотуу зарыл! Ошол замат айтуу керек, сиздин учурда азыр да кеч эмес.

«Эмне үчүн сен мага татыксыз жышаандарды көрсөтүп жатасың!» деп айтып, аларды санап бериңиз. Эмне деп жооп берерин угуңуз.

“Мен сага себеп берген жокмун, мындан ары өзүңдү туугандай алып жүр! Эгерде биздин үй-бүлөнү басынткан аракеттериң дагы кайталана турган болсо, туугандардын баарына айтам. Мен сага эскерттим!” деп билдирүү бериңиз.

Сүйлөшүүңөрдү диктофонго жаздырып алыңыз. Ал жерде анын тийишип жатканы, сиздин баш тартканыңыз болушу шарт. Ошондуктан сүйлөшүү кандай таризде жүрөт, алдын ала пландап алганыңыз жакшы. Эгер кийин дагы тийише турган болсо, күйөөңүзгө же кайын энеңизге, жакшысы баарына тең угузуңуз. Болбосо, ал сизден өч алыш үчүн биринчи айтып коет, анан, албетте, баары ага ишенип калат.

Тууган менен болгон мындай жагдайлар, бөлүнүп, өз алдынча жашоого жакшы негиз болуп саналат. Жаздырып алган үндү угузгандан кийин тынч жашоо болбойт. Андыктан тез арада бөлүнүп кеткиле!»

Нурислам Раимжанов, юрист

Урматтуу окурман, учурдагы абалыңыз абдан өкүнүчтүү. КРнын Кылмыш кодексинин негизинде мындай адамдарды сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттери үчүн 5 жылдан 7 жыл 6 айга чейин кылмыш жоопкерчилигине тартууга болот.

Милицияга кайрыл деп айтуудан алысмын, чечимди өзүңүз кабыл аласыз. Болгону кайниңиздин бул аракети кылмыш экенин билиңиз.

Үйдө ал инсан менен жалгыз калбаганга аракет кылыңыз. Бул көрүнүштү жашырбай, жолдошуңузга жана анын ата-энесине ачык айтсаңыз туура болот деп эсептейм. 

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Өбүшүү аркылуу 80 миллион бактерия өтөт

Өбүшүү аркылуу 80 миллион бактерия өтөт

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.