AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Кадича Максутова

Кадича Максутова, терапевт: «Бул белгилер байкалса, дароо дарыгерге кайрылыңыз!»

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg порталына ар таптуу суроолор келип түшөт. Бул ирет ден-соолукка байланыштуу суроолорго И. Ахунбаев атындагы КММАнын медициналык борборунун жогорку категориядагы дарыгер-терапевтти Кадича Максутова жооп берди.

Белим катуу ооруйт

23 жаштамын. Акыркы убакта  белим катуу ооручу болду. Оорунун белгиси айыз келгендегидей. Этек кирим болсо келип бүткөн. Өзүм оор жумуш кылбайм. Эмнеден болушу мүмкүн? 

— Саламатсызбы окурман! Бул грыжанын бирден бир белгиси, текшерип көрүү керек. Эгер грыжа болбосо гинекологдун текшерүүсүнөн өтүшүңүз абзел. Гинекологиялык сезгенүү бар болушу мүмкүн. Тезинен бейтапканага барыңыз!

Өтүм менен бөйрөгүмдө таш бар

28 жаштамын. Бир балам бар. Көйгөйүм бөйрөгүмдө, өтүмдө таш бар. Башым ооруп, кусуп, алым кетип, калтырап жатам. Башымды тарттырсам таптаза экен. Эмне себептен мындай болушу мүмкүн?

— Сөзсүз ооруканга кайрылышыңыз кажет. Кусуу, алсыроо, чыдатпай оорутуу бул холециститтин белгилери. Оорунун диагнозун врач ар кандай текшерүү жолу менен коюп, дарылоо жүргүзөт. Катуу кармаган жана таштуу өнөкөт холециститти хирургиялык жол менен дарылайт. Дарыгердин сунуштаган диетасын бузбаңыз. Майлуу, сүрсүгөн эт, балык, эттин сорпосун, шоколад, жумуртканын сарысын, малдын майын, ачуу тамактардан алыс болуңуз. Дарыгердин көзөмөлүнөн өтүп, УЗИге түшүүнү унутпаңыз. 

Туберкулёзмун

Өпкөмдүн сыртында суу бар болчу, аны алдыргам. Калып калган бир аз коюсу дары менен жок болуп кетет экен. Анан бир тааныш кызымдын диогнозу дагы меникиндей. Ал дары ичип жатат. Бирок өпкөсүндөгү суусу коюлап кетип, операция кылабыз деп жатыптыр. Операциядан башка жолу жокпу?

— Урматтуу окурман, өпкөдө суу болсо бул 99% туберкулёздун белгиси. Ал рентгенге түшкөндө эле билине турчу оору. Эгер дарыгерлер таанышыңызды операция кылабыз деп жатса жасатуусу керек. Туберкулёзду Кыргызстанда бекер дарылайт. Ден-соолукта болгула!

Бетиме так түшүп кетти

Мурун бир бөйрөгүм ооруп, оор көтөрө албай кыйналгам. Азыр жакшы. Бирок бетиме так түшүп кетти. Бөйрөк оорудан бетке так түшөбү? Сурайын дегеним косметологго барганым жакшыбы же бөйрөк, ашказан текшертип дарыланганым туурабы? Кеңешиңизди бересизби.

— Окурман, бөйрөк оорудан бетке так түшпөйт, так боор оорудан түшөт. Бетиңизге так түшүп кетсе анализ тапшырып, боорду текшерүүдөн өткөрүү керек. Сиз алгач терапевттин көзөмөлүнөн өтүңүз. Дарыгерге канчалык эрте кайрылсаңыз, ооруну дарылоо алда канча жеңил болот.

Күндө эртең менен чоңго барам

Эртен менен тамак ичкенден кийин сөзсүз чоңго барам. Эмне себептен?

— Окурман, сарсанаа болбоңуз, бул нормалдуу физикалык көрүнүш. Эч кандай коркунуч жок. Бир күндө бир жолу барып туруу нормалдуу.

Көзүм караңгылайт

15 жаштамын. Мурун көзүм караңгылачу, бирок тез эле өтүп кетчү. Азыр болсо 7, 8 секкунд көрө албай туруп калам. Каным нормалдуу, куртум жок. Эмне себептен мындай болот?

— Эгер жатып же олтуруп турганда көзүңүз караңгыласа бул “вегето-сосудистая дистония”. Дарыгердин текшерүүсүнөн өтүп, дары-дармектердин жардамы менен тамырларды бекемдесе болот. Кан аздуулук жана жүрөк оору жок болсо невролог дарылайт. Кабылдамага келиңиз!

Апамдын богогу бар

Апамдын богогу бар. Кечке тердей берет. Эмне кылсак болот?

— Кызым, апаңыздагы богоктун гормондору жогорулап кеткен, ошондуктан апаңыз тердейт. Дарыланып, гормондорду нормага келтирсе тердебей калат. Эндокринологго кайрылыңыздар!

Катуу сүйлөй албайм

Катуу ойлонгондо, тез сүйлөгөндө жүрөгүм кысылып, кекечтенип кетем. Эмне себептен?  

— Окурман, жогорудагы белгилер дайыма кайталанса канга, гемоглабинге анализ тапшырып, жүрөктү ЭКГга тарттырып, дарыгердин текшерүүсүнөн өтүш керек. Катуу толкунданып же коркуп кеткенде кекечтенип кетсеңиз бул кооптуу эмес. Кадимки сүйлөшүүлөрдө мындай белгилер болбошу керек. 

Урматтуу окурман, эгерде сурооңузга жооп таппай жүрсөңүз,  www.bilesinbi.kg сайтына жана WhatsApp 0704 004 608 номерине суроолоруңузду узатсаңыз болот. “Билесиңби” ар бир келген суроолордо анонимдүүлүктү сактоо менен, тиешелүү адистерден профессионалдуу жоопторду алып берет.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Булар сизди таарынычтан бошотот

Булар сизди таарынычтан бошотот

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.