AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Качан күйөөгө тиесиң? - кыжырга тийген суроолордун лидери.

Качан күйөөгө тиесиң? — кыжырга тийген суроолордун лидери.

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Бой жетип калган кыздарга жана турмушкка чыккан келиндерге өтө көп суроолор берилет. Өзгөчө жеке жашоосуна тиешелүү. Албетте адамдар суроолорду жаман ою менен эмес, жардам же кеңеш бергиси келип сурап жаткандыр. Бирок сиз суроо узатып жаткан адамдын сезимдерин да эске алып коюңуз. Bilesinbi.kg маданиятсыздыкка кире турган 5 суроону чогултту.

  1. “Качан күйөөгө тиесиң?”. Бул маданиятсыз суроолордун лидери. Аны жакын тууган-туушкан, жоро жолдошторуң дагы, тиешеси жок дагы бере берет. Эмнегедир биздин коомдо 25 жашка чейин турмушка чыккан кыз ийгиликтүү, жашоосундагы башкы максатына жетти, деп кабыл алынат. Эгер ал күйөөгө тие элек экенин айтса, анын артынан дагы бир орунсуз суроо узатылат.
  2. “Жигитиң барбы?”. Кандай гана жооп бербесин сценарий бирдей. Артынан, дагы толтура суроолор бериле баштайт. Эгер жигитим жок деп жооп берилсе: акыл үйрөтүү, кеңеш айтуу, андан кийин сөзсүз инструкция берүү кандай кылыш керек, кандай кийиниш керек, кантип күйөө издеш керек. Же болбосо бир нече тааныштар, тааныштардын балдары, инилери, байкелери, кудалары…менен тааныштырып кою сунушу.

“Ооба бар” — деп жооп берилсе, анда аты ким, кайда иштейт, машинасы, үйү барбы, кайсы жерлик, ата-энеси ким…Мындайча айтканда кыздын ийгилиги анын жеке жетишкендиктери менен эмес, канчалык деңгээлде жигити ийгиликтүү ошону менен өлчөнөт.

  1. “Качан төрөйүн деп жатасың?”, “же төрөп албайсыңбы?”. Бул суроо турмушка чыккан да чыга элек да, төрөгөн да төрөй элек да аялдарга берилет. Бирок мындай кызыгуу артуу адамга катуу тийиши мүмкүн, деп ойлонуп көрдүңөр беле? Силер анын эмне себептен балалуу болбой жүргөнүн билбейсиңер да, туурабы? Балким, материалдык жактан шартыжок, балким, башка пландары бар, балким, ден соолугуна байланыштуу көптөн бери балалуу боло албай жүрөт. Бул тууралуу туш келди кишиш менен сүйлөшө бергиң келбейт. “Жашың өтүп баратат, убактың аз калды”, деген далилдер да такыр эле орунсуз экенин жакшы түшүнүп жатсаңар керек.
  2. “Эмне мынча арыктап кеткенсиң/толуп кеткенсиң?”. Эгер аял өзү сизден сурабаса, мындай суроону берүүнүн зарылчылыгы жок. Арык же толук экенин сиз айтпасаңар деле, сурабасаңар деле өзү жакшы билет. Балким, ашыкча салмагы менен күрөшүп, айласы кетип жаткандыр? Же толо албай, кыйналып жүргөндүр? “Эмне мынча арыксың, тамак ичесиңби деги?”, “Шамал үйлөсө учуруп кетет го” – деген тамашалар аябай күлкүлүү деген ойдо болсоңуз, терең жаңылышасыз.
  3. “Айлыгың канча?”, “Канча табасың айына?”. Башка бирөөнүн айлыгына кимдин кандай тиешеси бар? Акча маселеси жеке темалардын бири. Сизден акча сурап, материалдык жактан көз каранды эмеспи, сизге бересеси жокпу, демек, мындай суроо узатканга эч кандай акыңар жок.

Маалымат бул жерден алынды.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Кыялдана турган учур келди! Туура кыялдануунун 10 этабы

Кыялдана турган учур келди! Туура кыялдануунун 10 этабы

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.