AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Качан күйөөгө тиесиң? Блог

Качан күйөөгө тиесиң? Блог

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Качан турмушка чыгасың? 20 жаштан өткөн кыздардын көкөйүнө көк таштай тийген актуалдуу суроо.

Албетте, бул мазактаган, диний сезимдерге зыян келтирген, укуктарды кемсинткен суроо эмес… бирок, о кудайым ай,  кыжырды гана келтирет го.

Бул суроо берилет:

  • Боор ооруп — Ай, балам, ай, сен кара далы болуп калдың же эч кимге керегиң жокпу, байкуш? Эмне баары эле ошончо жаманбы?
  • Айыптап – Муну карагыла, өзүнчө эле кыйын. Ал азырынча даяр эмес имиш, ал өзүн өнүктүрүп жаткан имиш!
  • Атырылып — Ай, жыйырма…….. чыктың! Сага балалуу болгонго убакыт келди! Көрөм, анан эч нерсеси жок каласың!

Бул суроого ар дайым аргасыз жылмаюу менен мындай деп жооп беребиз:

  • Эмиии, мен сүйүүмдү али жолуктура элекмин …
  • Мен азырынча үй-бүлө курууга даяр эмесмин …
  • Күйөөгө чакыра элек, чакырса эле барам (өзгөчө айыптагандарга).

Бирок, иш жүзүндө, ичиңден өрттөнүп, чабалактап от болуп күйүп: «Баарыңар бир жерге киргилечи. Бул силердин ишиңер эмес. Качан кааласам, ошондо жактырган адамыма чыгам»

Албетте, бул суроону берип жүргөн окурмандардын бир бөлүгү, «Азиза сага эмне болду, биз жаман болсун деген жокпуз да»,- деп таарынышы мүмкүн.

Мейли, анысына макулмун, аялдык бактыңызга чын жүрөгүнөн кызыкдар болгондор дагы бар.  Бирок,  99%  бул суроону берет:

  • өзүнө-өзү дагы бир ирет ишенүү үчүн (турмушка чыктым, мен азаматмын);
  • кылаарга иши жоктугунан (кээ бирөөлөр үчүн нике суроосу аба-ырайы тууралуу суроодой эле, оңтойсуз тыным болбошу үчүн берип коёт);
  • мурдун ар кайсы жакка тыкканды жактыргандар (өздөрүнүн жашоосу кызыксыз жана монотондуу);
  • баяндама окуганды каалагандар (айрымдар кантип бактылуу болсо болоору тууралуу китеп жазса болчудай, болбосо кеңештери менен баардык тешиктерге кире беришет).

Көйгөй бир нече аспектиден каралат:

Биринчиден, аялдык бакыт — бул жубай, эне болуу, күйөөсүнө кам көрүү жана балдарды тарбиялоо. Бирок дүйнөдө абсолюттук чындык жок, сураныч, муну эстеп алыңыздар. Ар бир адам белгилүү бир түшүнүктөрдү ар кандай кабылдайт жана түшүнөт. Ар бир адамдын өз  бакыты бар. (Ошондуктан, терс пикирлерден алыс болуп, мындан ары душтан наалыңыздар)

Экинчиден, биздин коомдо жазылбаган мыйзамдар бар, мисалы: ЖОЖду бүттүңбү — туруктуу жумуш тап – турмушка чык ( окууну бүтүргөндөн кийин максимум бир жыл ичинде) — бала төрө  (күйөөгө тийгенден кийин так 9-ай өткөндөн кийин) —  экинчи бала төрө (анткени, биринчи жана экинчинин ортосунда чоң айырма болбошу керек, бул эми спирт ичимдиктерин ичип жатканда айтылчу эле, кандай болсо да, балдардын төрөлүшүнө дагы тиешеси бар) — үчүнчүсүн төрөдү, төртүнчүсүн төрөдү жана башкалар. Чыныгы  кыргыз кызынын идеалдуу жашоо айлампасы ушундай. Эгерде кыз бул  күн тартибинен чыгып кетсе, анда ал соо эмес, тезинен  аны менен бир нерсе кылуу керек. Карьера, жеке өсүш,  өнүгүүгө умтулуу, көп акча табуу,  кесиптик ийгилик жана таанылуулар – феминистканын/батыш жактоочусунун/акылсыз аялдын кежирлиги жана акмактыгы.

Андыктан, эринбеген ар бирөө  акылсыз кызды эсине келтирип, күйөөгө берүүгө аракет кылат. Бирок бул “мээжегичтердин” эң чоң келесоолугу — бизде турмушка чыгуу сунушун кыздар киргизбей турганында. Каалооң күчтүү болсо дагы, күйөө ала качуу деген жок ?. Анан эмне эле кыздын мээсин айлантып жатасыңар! Жыл сайын ажырашуу статистикасы өсүүдө. Бул статистика сизге эч нерсени билдирбейби?  Мүмкүн, үй-бүлө куруу — туугандарынын, досторунун эмес, эки жаштын жеке маселеси. Анын үстүнө, жоопкерчилик алууга,  бир нерсени курмандыкка чалууга, убакыт бөлүүгө, ийкемдүү жана моюн сунууга даяр болгондо үй-бүлө курса болот. Ал адам менен өмүр бою жашоого, кайгы-кубанычта бирге болууга даяр болгондо гана ЗАГСка баруу керек.

Сөз кезегин мага берсек. Мен турмушка чыккым келет жана балалуу дагы болгум келет. Бирок, мен өмүр бою сүйө алчу жана бул сүйүүм эки тараптуу боло турган кишиге турмушка чыгууну каалайм. Ооба, мен чыныгы сүйүүгө ишенген келесоомун. Мен ата-энем каалаганда же туугандарым үйлөнүү тойдо сайрандагысы келгенде же кара далы болуп калам деген корккондон эмес, даяр болгондо жана өзүм каалаган учурда турмушка чыгам.

Келиңиздер “Качан турмушка чыгасың!” суроосун кыздардан сурабай турган: «Сенин салмагың канча?» (эгерде дарыгер болбосоңуз) жана  «Сен канча аласың?» (салык кызматында иштебесеңиз) суроолор категориясына кошолу дагы, бул суроону такыр эле бербей коелу (эгерде ? сизде конкреттүү сунуш жок болсо).

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
“Мына

“Мына, сенин атаң бизди таштап, башкага кетип калды!”

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.