AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Интернетке сын жазуудан мурда буларды билип алыңыз

Интернетке сын жазуудан мурда буларды билип алыңыз

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 2 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Абайлап жүрбөсөңүз пост, репост же комментарий үчүн түрмөгө түшүп калышыңыз мүмкүн!

Борбор Азиядагы Тынчтыкты куруу жана медиатехнологиялар боюнча мектептин директору Инга Сикорская  социалдык тармактарда өзүн кантип алып жүрүү керектигин айтып берет.  

Тукуруучулар (провокатор) курмандыгы — билимсиз колдонуучулар

Мыйзамга туура келбеген кастык тил бар. Бирок, ар бир адамда сөз эркиндиги да бар. Андыктан, социалдык тармактагы пикирлер жагымсыз, ал тургай, жаман болсо да радикалдуу дегенди билдирбейт. Себеби, көп колдонуучулар  комментарийлерди драмалаштырып жиберет, же тескерисинче, башкаларды кемсинтип, орой мамиле жасашат.

Мындай билдирүүлөр жашоого зыянын тийгизет:

  • жабырлануучу өзү талкуулоого катышса
  • троллинг, астротурфинг, кибербуллингдин максатына айланса
  • интернет айдыңындагы пикир келишпестикти реалдуу жашоосуна аралаштырып алса.

Зордук-зомбулукка алып келүүчү радикалдуу билдирүүлөрдүн, канчалык коркунучтуу экенин  атайын экспертиза аныктайт. Себеби, билдирүү ачык эле ксенофобиялык же рассалык мүнөздө болушу мүмкүн. Катардагы пайдалануучуларга коркунучту же радикалдуулукту аныктоо кыйынга турат.

Тукуруучулар билимсиз, жакшы менен жаманды ылгай албаган интернет колдонуучуга мыйзамсыз аракеттерди жасатып, жоопко тарттырып коюшу мүмкүн.

Радикалдуу пост көргөндө эмне кылуу керек?

Биринчиден, жаңы медиа маданиятты жана тармактык этиканын сактаңыз. Кайсы жерде негативдүү пикир, мазмуну мыйзамсыз экенин түшүнүү зарыл. Негативдүү пикир дагы сөз эркиндиги жөнүндө мыйзамдар менен корголгон.

Пост мыйзамсыз болсо, колдоо көрсөтүү кызматына барактын скриншотун жөнөтүп, таркатылып жаткан ресурстун администраторлоруна нааразычылыгыңарды билдириңиз. Күч колдоно турганын айтып коркутса, укук коргоо органдарына кабарлаңыз. 

Экинчиден, ар бир активдүү колдонуучу интернеттеги түрдүү топторго кирип жатканда ички туюмдарына ишениши керек.

Чагымчылды ачыкка чыгарып, анын ким экенин көрсөтүңүз!

Троллингге күбө болгондордон колдоо издеңиз. Чагымчыл комментарийлерди кабыл албай, бөгөт коюп, көрмөксөн болуп, өчүрүп салыңыз. Билимдүүлөр мындай маселелерди өздөрү эле жөнгө салып коёт.

Сын жазуудан мурун буларды эске алыңыз:

  • Интернет бул — коомдук мейкиндик жана билдирүүлөр анонимдүү болгону менен ачык экенин унутпаңыз.
  • Айтып жана жазып жаткандарыңыз үчүн жоопкерчилик алууга даяр болуңуз.

  • Тыным жасап, кесепеттери тууралуу ойлонуңуз. Эмне үчүн муну кылып жатасыз, чыныгы максаты кандай, так-даана билишиңиз керек.

Аброюңузга шек келтирген комментарий алсаңыз жооп бербей эле коюңуз. Тукуруучулар атайылап сизди кепке тартууга аракет кылышы мүмкүн. Болбой эле, мезгил — мезгили менен кайталанып жатса жогорудагы пунктту караңыз: «Радикалдуу пост көргөндө эмне кылуу керек?»

Социалдык тармактарда буларды бөлүшкөнгө болбойт!

Пост же комментарий экстремисттик, элдин кайсы бир тобун басмырлайт деп ойлосоңуз, анда ал чынында эле ошондой, туюмдарыңызга ишениңиз. Кыргызстанда тыюу салынган тизмеге кирген материалдарды интернетке киргизип, жарыялаганга болбойт. 

Кимдер жоопко тартылат:

  • терроризм жана экстремизмге үндөгөндөр
  • террорчул жана экстремисттик аракеттерди жасагандар
  • улуттук (этникалык), расалык, диний же аймактар ​​аралык жек көрүүчүлүктү козуткандар.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, далилдери бар конкреттүү чакырыктар каралат. Муну атайын экспертиза аныктайт. 

Өткөн жумада Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Whatsapp аркылуу чагымчыл видеолорду тараткан 29 жаштагы жаранды кармады. Ал мессенджерге 100дөн ашык адамдан турган топ түзүп, улуттар аралык кастыкты козуткан видео роликтерди жүктөп турган. 2010-жылы тартылган видео роликтерден өзбек улутундагы адамдар кыргыздарды сабап жатканын жана кыргыздар өзбек улутундагы адамдардан 2010-жылдагы окуялар үчүн кечирим суратканын көрүүгө болот. Эми колго түшкөн жаран Кылмыш жаза кодексинин 299-беренеси (Улуттук (этностор аралык), расалык, диний же регион аралык кастыкты козутуу) боюнча жоопко тартылат.

Бул шилтемедеги маалыматтар сиз үчүн пайдалуу болот:

  • Макаланы жарыялоо алдында ыкчам тешерүү ыкмалары
  • Медиаэтика жана кастык тили
  • Медиадагы экстремизм үгүттөрүнөн кантип качуу керек.
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Аял сүйүктүүсүнөн эмне күтөт?

Аял сүйүктүүсүнөн эмне күтөт?

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.