Интернет банкинг – банктагы эсепти интернет аркылуу көзөмөлдөп турууга арналган кызмат.
Интернет – банкинг кызматынын пайдалануучулары банкка барбайт, кезекте турбайт, үйүнөн же кеңсесинен чыкпастан банктагы акча каражаттарын башкара алат.
Айыл Банктын интернет-банкинг кызматы аркылуу төмөнкү операцияларды жасай аласыз:
- Банк эсебин күнү-түнү пайдалануу (анын ичинде дем алыш жана майрам күндөрү);
- Эсептеги калдыктарды текшерүү;
- Банк ичиндеги акча которуулар;
- Улуттук валюта боюнча которууларды ишке ашыруу (клиринг, гросс);
- SWIFT системасы аркылуу чет өлкөлүк акча которууларды ишке ашыруу;
- Конверсиондук операцияларды ишке ашыруу;
- Эсеп тууралуу маалыматты көрүү.







