Катталуучусу көп жана активдүү инстаграм колдонуучулардын баракчасы уурулардын көзүнө майдай эле көрүнөт. Өздөрүнүн максатын ишке ашыруу үчүн алар баракчага чабуул коюп, эмгегиңизди менчиктештирип алууга шашат. Бул албетте жаман.
Bilesinbi.kg аккаунтту уурулардын чабуулунан сактап калуучу бир нече ишенимдүү ыкмаларды сунуштайт.
Алар:
- сыр сөздү өзгөртүү боюнча билдирүүлөрдү бөгөттөбөгөн жана сыр сөздү калыбына келтирүүчү шилтемелерди кабыл алган, ишенимдүү почтаңыз болушу керек;
- Instagram баракчаңызды Facebook менен байланыштыруу;
- баракчанын популярдуулугун жогорулатуучу кызматтарды эч качан колдонбоңуз;
- компьютериңизде вирустардан тазалап туруңуз;
- эки фактордуу аутентификацияны күйгүзүп алыңыз;
- баракчаңызды бир гана телефон же ноутбуктан колдонгонго аракет жасаңыз;
- сыр сөзүңүз татаал болушу керек. Албетте өзүңүз унутуп калбагандай;
- чоочун адамдан келген ар түрлүү шилтемелерди баса бербеңиз;
- ар кандай сайттарга инстаграм аккаунт аркылуу кирүүнү токтотуңуз;
- башка бирөөлөргө (дос, тууган же тааныш ж.б) өз аккаунттуңузду колдонуп турууга уруксат бербеңиз;







