AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Ийгилик сыры. Магамед аксакал жылына 50 тонна помидор

Ийгилик сыры. Магамед аксакал жылына 50 тонна помидор, 30 тонна картошка алат

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарчасынын тургуну Магамед Сайназаров жердештерине жерден боорун албаган эмгекчилдиги менен таанымал. Ал көп жылдан бери насыяга алган акчасына жер иштетип, ак эмгеги менен 7 баласын элден кем кылбай багып келет.

1997-жылы Магамед аксакал «Мажакып» дыйкан чарбасын уюштурган. Бүгүнкү күндө 10 гектарга чукул жер иштетет, эгинден тарта жер-жемиштин түрүн эгип, 1 гектардагы алма-өрүк бакчасынан кошумча киреше табат. 

Аксакал үчүн түшүмдү сатуу көйгөй эмес. «Кызыл-Кыя» консерва заводу менен түзгөн келишиминин негизинде жылына 30 тонна картошка, 50 тонна помидор, 10 тонна жүгөрү жана 20-25 тонна болгар калемпирин каалаган учурда соодалай алат. 

Ак эмгеги менен оокат кылган Магамед аксакал 2004-жылдан тарта «Айыл Банкка» туруктуу кардар болуп, 14 жыл ичинде 6 ирет насыясын жаңылаган.  Азыркы учурда лизингге трактор алып иштетип жүрөт. 

Аксакалдын көп жылдык мээнетинин акыбети кайтып, аймактарды социалдык-экономикалык  жактан өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн 2017-жылы экс-президенттин Ардак Грамотасына ээ болгон.

Магамед Сайназаров: 

«Айыл Банктын» кызматкерлери эл менен жакшы иш алып барышат. Бул да болсо алардын билиминин жана кесипкөйлүгүнүн белгиси. Карапайым эл үчүн акча колуна бат тийсе, жумуш бат арбый турганы бышык. Байкап көрсөңүз, насыя алып үй салып же той бергендерге караганда, жер иштетүүгө жумшагандардын жашоосу жакшырууда. 

Акчаны туура пайдалана алаарыма жана балдарымдын мээнеткечтигине ишенип насыя алгандан корккон жокмун. Жыйынтыгы жаман эмес, жашообуз жакшы жакка өзгөрүп келатат. Тапкан кирешебизге мал курадык, уул үйлөп, кыз узаттык, там салып жатабыз. Баарына «Айыл Банктын» арты менен жеттик. 

Буйруса алдыда банк менен ишмердүүлүгүмдү улантып, бош жаткан жерлерди иштетүү оюм бар»,- деп сөзүн жыйынтыктады.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Кызым

Кызым, кечир, мен чоң ката кетирдим. Эненин каты

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.