AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Идеяңды ишке ашыр! Beeline стартап жана студенттер үчүн 3-Digithon өткөрөт

Идеяңды ишке ашыр! Beeline стартап жана студенттер үчүн 3-Digithon өткөрөт

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Студенттер жана стартап ишкерлер үчүн BeelineOpenDigithon 3-санариптик марафону 9-мартта башталат. Эки апта аралыгында 10 адамдан куралган 15 команда коомду жана бизнести колдоо идеяларын иштеп чыгышат. Командаларга Кыргызстандын жана Украинанын мыкты бизнесмендери жана долбоор түзүүчүлөрү жардам көрсөтөт. Марафондун жыйынтыгында, бизнес идеясын ишке ашыруу үчүн Beeline жеңип чыккан командага 70 миң сом бөлүп берет.

Beeline’дын укуктар маселеси боюнча директору Галина Кучеряваянын айтымында, мындай өңүттөгү марафондор жаштардын санариптик багыттагы билимин жогорулатууга жана инновациялык долбоорлорду ишке ашыруу жөндөмдүүлүгүн жакшыртууга багытталган. Натыйжасында, жаштар экономиканын өсүүсүнө өздөрүнүн бараандуу салымын кошо алышат.

«Beeline «MakeyourMark» глобалдуу демилгесинин алкагында Digithon өткөрүп жатат. Бул иш чаралардын жардамы менен компания жаш муундун санариптик кылымга ыңгайлашуусуна көмөк көрсөтөт. Жаштар ушандай билим берүүчү долбоорлордун негизинде өздөрүнүн жаркын келечегин кура алышат», — дейт Галина Кучерявая.

OpenDigithon санариптик марафонун өткөрүү идеясы Beeline команиясына таандык. Ал бизнесмендердин, идеяларды иштеп чыккандардын, дизайнерлердин, түрдүү тармактардагы маркетологдордун катышуусу менен өтөт. Дүйнөлүк технологияларынын күн санап өскөнү жана инновациялар рыногундагы суроо талаптын жогорулаганы бул демилгени көторүп чыгууга себепкер болду. Beeline мындай иш-чараларды өткөрүп, Кыргызстандагы санариптик эко-чөйрөнүн түзүлүшүнө да негиз боло алат.

Мындай иш-чараны компания биринчи жолу өткөрүп жаткан жок. 2017-жылы Digithon’дун катышуучулары мейманкана жана ресторан бизнестерин өнүктүрүү боюнча идеяларын иштеп чыгышкан. 2018-жылы катышуучулар рыноктун талаптарын изилдеп чыгышып, андагы көйгөйлөрдү 24 сааттын ичинде чечүү идеяларын сунушташкан. Анда гипермаркеттердин кардары кассирдин кызматын пайдаланбай эле balance.kg аркылуу өз алдынча төлөм жүргүзүү функциясын ишке киргизүү идеясы айтылган.

Буга чейин өткөрүлгөн марафондордо катышуучулар бизнес-долбоорлордун алкагында иш алып барган болсо, быйыл долбоордун алкагында социалдык маанилүү маселелерди чечүү да каралышы керек деген талап кошулган. Өзүнүн идеясын ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу үчүн 10 адамдан куралган 15 команда күч сынашат. Алардын эмгегин эл аралык уюмдардын жана бизнестин өкүлдөрү баалайт.

Beeline’дын өкүлдөрүнүн айтымында, бул кадам окшош идеялардын жарала беришине чек коюп, коммерциялык чоң ийгиликтердин жаралышына, идеянын иштелип чыгышына жана товардын же кызматтын керектөөчүгө жетишине, мындан тышкары заманбап технологияны пайдалануусуна түрткү болот. Digithon’дун катышуучуларынын идеяларын жакшыртуу үчүн Beeline компаниясынын именторлору жана эксперттери жардам берет. 

Иш-чара бир нече этапка бөлүнгөн. 

  • Биринчи этап — тандоо: 2 апта аралыгында каалоочулар катышкандыгы тууралуу арыз берет.
  • Экинчи этап — билим берүү: чакырылган эксперттер бир күндүн ичинде коммерциялык ийгиликке жетүү үчүн идеяны кантип иштеп чыгуу керектигин көрсөтүп, айтып беришет. 
  • Үчүнчү этап — даярдануу: 2 жуманын ичинде командалар менторлор менен кызматташып, идеяларды аягына чейин иштеп чыгып, кайсы бир продуктуну чыгарууга токтолот. 

Төртүнчү этап — долбоордун презентациясы. Ошондо жеңүүчү аныкталат.

«Бизнестин социалдык маселелер боюнча кабардар болгону жана аны ишке ашыруу үчүн жаштарга мүмкүнчүлүктөрдүн берилип жаткандыгы абдан жакшы көрүнүш. Балдарды активдүү болуп, бул марафонго катышууга чакырам. Анткени сиздин идеяңыз өлкөгө пайдалуу болуп калышы мүмкүн», — дейт Digithon’дун украиналык тренери жана SocialBoost диджитал-коммуникациялар боюнча менеджери Мария Шныркова.

«Жашоо өзгөрүп турат, буга байланыштуу рынокто жаңы суроо-талаптар пайда болот. Санариптик технология гана рыноктун талабын аткара алат жана дайыма өнүгүүгө жол ачат. Жаштар туура жол, туура багытта иш алып баруусу үчүн өзүмдүн билгендеримди алар менен бөлүшөм жана жардам берем», — деди Digithon жана MOBILNYI AVTORYNO СЕО тиркемесинин ментору Эрен Камчибеков.

OpenDigithon SkyX’те — Beeline компаниясынын кызматкерлери кыргызстандыктардын жашоосун жеңилдетүү үчүн кызматтарды түзгөн жаңы мекемеде орун алат. OpenDigithon жөнүндө толук маалыматтарды  https://skylab.kg/ шилтемеси аркылуу кирип алсаңыз болот. 

 Катышуу тууралуу арыз берүү 2019-жылдын 5 мартында аяктайт. 

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Түрмөдө отурган адам жакшы күйөө боло алабы? Психолог кеңеш берет

Түрмөдө отурган адам жакшы күйөө боло алабы? Психолог кеңеш берет

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.