AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
"Ичпечи ата"! Тынчтыкта

«Ичпечи ата»! Тынчтыкта, бактылуу жашайлычы

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Менин жашым 17 де, 4 бир тууганмын, эки эжем жана бир байкем бар. Эжелерим турмушка чыккан, ата-энем 4 неберелүү болду, байкем азырынча бойдок. Менин көйгөйүм атам тойлордо, конокко барганда айтоор бир нерсе болгондо ичип алат жана ичкенин көтөрө албайт. Мас учурунда чаң тополоң салбайт, бирок сөзү менен адамды тирүүлөй өлтүрүп коёт. Апамды урат жана башка аялдар менен сүйлөшөт. Апам байкуш баарын билсе да билгизбегенге аракет жасайт. Атам кызганчаак, ошонун айынан мурунку өткөндү эстеп кайдагыларды айтат. Эң мага оор тийгени үйгө акча керек болуп же тамак-аш азыктарын алуучу убакта акча жок эле дей берет. Анан телефонун кечинде текшерсем башка аялдар менен сүйлөшкөнүн көрүп жөн эле жүрөгүм канжалайт. Аларга болсо ар нерсе алып берип, кафеге барганга акчасы бар. Биз үчүн болсо жок. Мындан сырткары мени адам катары көрбөгөнү өлтүрөт. Эмне кылышым керек, барган сайын жек көрүүм күчөп баратат? Бир күнү катуу уруш чыкса көтөрө албай бирөөнү же өзүмдү бир нерсе кылып салчуудаймын…

Жазганыңа караганда сен эң кыйын абалда турасың. Дайыма чымыркануу абалында, уруш-талаш, кордоо. Түшүнүп турам, бирок биз ата-энени тандабайбыз. Болуп жаткан абалды болгондой кабыл алуу керек. Башкача айтканда атаң ушундай, башка ата жок. Бир нерсени түшүнө билүү керек, адамдын өз каалоосу болмоюн аны башка бирөө өзгөртө албайт. Сен өзүңдүн көз карашыңды бул абалга ылайыктап өзгөртө аласың. Атамды өзгөртө алам деген каалоодон баш тарт.

Бир кызыктуу нерсе. Өзүбүздүн көз карашты болуп жаткан абалга өзгөрткөндө, ошол абал өзү өзгөрө баштайт.

Балким атаңдын ушинтип ичип, урушчаак болуп калганынын өзүнүн себептери бардыр. Көөбүнчө адам качан ичип баштайт? Анда кайгы-капасы жана оорусу бар болсо. Бирок бул атаңдын иши.

Сен эмне кылышың керек?

Биринчиден өзүңдөгү жек көрүү, жиниң келүү эмоцияларын чыгарышың керек. Атаңа болгон жек көрүү сезимдерин кагазга жазсаң, сендеги эмоциялар чыгат. Эң маанилүүсү ичиңдеги терс эмоцияларды калтырбай чыгарып туруу маанилүү. Анткени булар ден-соолукка зыянын келтирет. Дагы бир кеңеш, кылдаттык менен атаңдын жүрүш-турушун изилдеп көр. Кайсыл убакта, сен эмне кылганда же башка кайсы учурда анын жини келип баштайт, эмне болгондо уруш башталат, мына ушулардын баарын изилдеп билип алышың керек. Дагы атаң соо кезинде болгон окуя жөнүндө сүйлөшүп көр. Балким мунун баары ата-энеңдин ортосундагы эркек аял мамилеси менен байланыштуу болуп жүрбосүн. Идеалдуу дүйнөдө ата-эне бири-бирин, балдарын сүйөт жана ынтымактуу жашашат. Бирок тилекке каршы көбүнчө мындай болбойт. Ошондуктан атаңдын кылып жаткан идеалдуу эмес мамилесин колдон келсе туура көз караш менен кабыл алганды үйрөн.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Бир жыл ичинде 7157 жуп ажырашты

Жакын мамиле кургум келбейт. Эмне кылсам болот?

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.