AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Ички иштер министрлигинин сайтын анализдейбиз

Ички иштер министрлигинин сайтын анализдейбиз

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 2 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Кыргызстанда кылмыштуулуктун деңгээли кандай? Сизди кармаса эмне кылуу керек? Ички иштер министрлигинин mvd.kg сайты жөнөкөй жарандарга эмнеси менен пайдалуу? Булардын баарын Kaktus.media анализдеп чыкты.

Ички иштер министрлигинин ишмердүүлүгү жөнүндө жарандарга кандай маалыматтар керек?

  • Бош орундар, сынактардын жарыясы.
  • Милиция кызматкерлеринин үстүнөн арыздарды кайда берүүгө болот?
  • Кантип адамды архивден тапса болот?
  • Кыргызстанда бар же жок экендигин текшерүү үчүн, адамды фамилиясы боюнча кантип тапса болот?
  • Участкалык милиция кызматкерлеринин так даректери жана жумушчу телефондору.
  • Соттолгондугу бар же жок экендигин онлайн кантип тапса болот?
  • Полиция бөлүмү тарабынан жүргүзүлгөн расмий иликтөөлөрдүн статистикасы жана макалалар.
  • Участкалык кызматкерлердин ыйгарым укуктары, укуктары жана милдеттери.
  • Кылмыштын мезгили, аймагы, району, кылмыштын түрү, иштин абалы боюнча статистикасы (канчасы тергелип жатат, канчасы жабык, канчасы ар бир ички иштер бөлүмү жана генерал боюнча сотко берилген).

Сайтта эмне бар?

Ички иштер министрлигинин негизги өзгөчөлүгү — ведомствонун мобилдик тиркемеси бар. Сайт жөнүндө айта турган болсок, сайттын негизги бетин жаңылыктар ээлейт. Министрлик жөнүндө бөлүмдөн Ички иштер министрлигинин түзүмү жана анын жетекчилиги жөнүндө маалыматты гана эмес, ченемдик укуктук базанын таблицасын тапса болот. Материал жарыяланган учурда, бул бөлүм иштебей турган, бирок мыйзамдар жана жоболор бар.

Ошондой эле, сайтта көптөгөн адамдарга керек болгон бош орундар жөнүндө бөлүм бар. Бирок, канчалык бат жаңыланып турары белгисиз.

2019-жылдан бери издөө бөлүмү дагы жаңыланган эмес.

Кызматтары бар бөлүм өзүнчө жайгаштырылганы ыңгайлуу. Бөлүмдөгү эки бөлүмчөлөр иштебейт — маалымат борбору жана полициянын уруксат кагазы. 

Мамлекеттик программалар жана коррупцияга каршы саясат бөлүмдөрү маалыматсыз жана кеңири аудитория үчүн кызыксыз. Тилекке каршы, үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккендерди коргоо ордери жөнүндө маалыматтарды камтыган гендердик саясат бөлүмү дагы туура эмес иштейт.

Башкы беттеги оң тилкеде сайттын бир нече бөлүмдөрүнө жана башка порталдарга шилтеме берилген. Эмне үчүн Ички иштер министрлигинин 2018-2020-жылдардагы ишине оң баа берүү керек экендиги түшүнүксүз. Бул сын-пикирде отчеттор жок.

Туристтик милиция бөлүмүндө эң пайдалуу нерсе  — бул байланыштар, ошондой эле туристтик милиция жөнүндө бир нече чет тилдерде маалыматтар.

Жашы жете элек өспүрүмдөрдү текшерүү бөлүмү ушундай эле визуалдаштыруу менен иштелип чыккан. Ал жердеги белгилей кетчү эң маанилүү нерсе ИДНдин ишин жөнгө салуучу укуктук актылардын тизмесинин гана бар экендиги. Бирок кимдир бирөө ИДНге туш болсо, анда ал үчүн бөлүм пайдасыз болот, анткени эч ким мыйзамдарды окубайт.

Дагы эки баннер пайдалуу эч нерсеси жок Түндүк порталына жана укуктук база жайгаштырылган Юстиция министрлигинин сайтына алып барат.

Жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн басма сөз кызматынын байланыштары бар, Ички иштер министрлиги катышкан мамлекеттик программалар баяндалган. Кыргыз Республикасынын жана Бишкек шаарынын милиция кызматынын номерлери, соттолбогондугу тууралуу маалымкат алуунун байланыштары, ишеним телефондору бар. Милиция менен жана байланыш номерлери менен оңой байланышуу үчүн мобилдик тиркемени жүктөп алууга болот.

Сайтта эмне жетишпейт?

Ички иштер министрлигинин ишин талдоо үчүн заманбап пландар жана ушул пландардын аткарылышы жөнүндө отчеттор керек.

Жарандарга укуктук консультацияларды камтыган бөлүм, ошондой эле укук коргоо системасына туш болгондо, айталы белгилүү бир кырдаалда кандай иш-аракет кылышы керектиги тууралуу маалыматтар зарыл. 

Жалпыга маалымдоо каражаттарына, активисттерге, бейөкмөт уюмдарга, изилдөөчүлөргө болгон окуялардын статистикасы (адам өлтүрүү, уурулук, жол кырсыгы ж.б.), ошондой эле Ички иштер министрлигинин натыйжалуулугу — канча кылмышкер кармалгандыгы ж.б. жөнүндө маалыматтар зарыл. Берилген маалыматтар визуалдаштыруу мүмкүнчүлүгү менен сайтта көрсөтүлүшү керек, ошондой эле аларды машина окуй турган түрдө жүктөп алууга боло тургандай болушу кажет.

Ички иштер министрлигинин сайтынан дагы кандай маалыматтарды көргүңүз келерин комментарийлерге жазыңыз.

Материал ALDA — Европанын жергиликтүү демократия ассоциациясы жана Европа Бирлиги берген ресурстардын жардамы менен чыгарылды. Бул басылманын мазмунуна «ПроМедиа Плюс» компаниясы гана жооп берет жана ALDA же Европа Бирлигинин көз карашын чагылдырбайт.

Доступ к информации. Анализ сайта правительства

 

 

 

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Катталуучу топтош үчүн сөзсүз ГИВге катышуу керекпи? SMM’ге 10 кызыктай суроо

Катталуучу топтош үчүн сөзсүз ГИВге катышуу керекпи? SMM’ге 10 кызыктай суроо

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.