AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Ичимдик ичүү короновирустан сактабайбы? COVID-19 короновирусу тууралуу 10 миф

Ичимдик ичүү короновирустан сактабайбы? COVID-19 короновирусу тууралуу 10 миф

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Бүгүнкү күндө COVID-19 коронавирусу тууралуу дээрлик эч нерсе белгисиз. Андыктан, бул вирустун айланасында туура эмес маалыматтын көп экени таң калыштуу эмес. Эмнеге ишениш жана ишенбеш керек? Bilesinbi.kg айрым мифтерди жокко чыгарат. 

Миф №1. Сарымсак COVID-19 коронавирусунан коргойт

Сарымсакты COVID-19 коронавирусунан профилактика катары колдонуунун эффективдүүлүгү тууралуу эч кандай далилдер жок.

Миф №2. Денени хлор же спирт менен сүртүп турса коронавирус жукпайт

Денени спирт же хлор менен сүртүү организмге кирген вирустарды жок кылбайт. Мындай заттарды колдонуу кийимге жана былжыр чел кабыгына (көз, ооз жб.) зыян келтириши мүмкүн. Спирт менен хлор нерселердин бетин дезинфекциялоодо натыйжалуу каражаты болушу мүмкүн, бирок аларды тийиштүү учурларда жана эрежелерди сактоо менен колдонуу керек.

Миф №3. COVID-19 короновирус менен бир гана жолу оору мүмкүн

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму COVID-19 короновирус менен ооруган адам  кайрадан ооруп калышы мүмкүн деген маалыматтарды жарыялады. Бул деген жаңы коронавирустук инфекцияга туруктуу иммунитет жок экендигин билдирет.

Миф №4. COVID-19 коронавирусун алдын алуу жана дарылоо үчүн антибиотиктер жардам берет

Антибиотиктер вируска каршы иштебейт. Алар бактериялык инфекцияларды гана дарылоого мүмкүндүк берет. Жаңы коронавирус (2019-nCoV) — бул вирус, ошондуктан антибиотиктерди коронавирустук инфекцияны алдын алуу жана дарылоо үчүн колдонбоо керек.

Миф №5. Короновирусту улгайган адамдар гана жугузат

Бардык курактагы топтордун өкүлдөрү COVID-19 коронавирусун жуктурушу мүмкүн. Кары жана айрым оорулары бар адамдар (мисалы, астма, диабет, жүрөк оорулары) коронавирустук инфекциянын оор формасы менен оорушу мүмкүн. Демек, ар кандай курактагы адамдар инфекциядан коргонуу үчүн чараларды аткарып, мисалы, кол менен жөтөлдүн гигиенасын сактоосу керек.

Миф №6. Фейерверктерден чыккан түтүн же газ COVID-19 коронавирусунан коргойт

Фейерверктерден чыккан түтүн же газ менен дем алуу ден соолукка зыян жана коронавирусту өлтүрбөйт.

Миф №7. Алкоголдук ичимдиктерди колдонуу короновирустан сактайт

COVID-19 короновирусунан спирт ичимдиктери коргой албайт. Көп ичүү же ашыкча ичүү ден-соолукка зыян келтирүү коркунучун жогорулатат.

Миф № 8. COVID-19 коронавирусу жөнөтмө жана буюмдар аркылуу жугат

Вирус 40°С температурага туруштук бере албайт жана айлана-чөйрөгө анчалык туруктуу эмес. Андыктан COVID-19 коронавирусу кандайдыр бир жөнөтмө жана буюмдар аркылуу жукпайт.

Миф № 9. Ысык ваннага түшүү короновируска каршы жардам берет

Ысык ваннага түшүү COVID-19 инфекциясынан сактабайт. Дененин кадимки температурасы ванна же душтун температурасына карабастан, 36,5 ° тан 37 ° Cге кармалып турат. Тескерисинче, өтө ысык ваннага түшүү зыян келтирип, күйүктү пайда кылышы мүмкүн.  COVID-19дан коргоонун эң мыкты жолу — колду бат-баттан жууп туруу. Бул теридеги вирусту жок кылып, көзгө, оозго же мурунга кол тийип калса, вирусттун кирип кетишин алдын алат.

Миф №10. Ооз чайкоочу суюктук COVID-19 коронавирусун жуктуруп алуудан сактайт

Ооз чайкоочу суюктук COVID-19 коронавирусунан сактайт деген эч кандай далилдер жок.

Маалымат Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сайтынан алынды. 

«Бул макала «Сорос-Кыргызстан» фондунун «COVID-19 — Медиа кол кабыш» долбоорунун колдоосу менен даярдалган. Мазмуну «Bilesinbi.kg» сайтынын жоопкерчилиги болуп саналат жана «Сорос-Кыргызстан» Фондунун көз карашын билдирбейт».

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Кызым автобустан "фу

Кызым автобустан "фу, мама осуруп койдуңго" деп уят кылган. Балдардын окуялары

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.