Гинекологиялык суроолор кыз-келиндер арасында өтө арбын. Бойдон түшүү же сактануунун жолдору, жагымсыз жыттар менен келип жаткан суюктук, ошондой эле табигый айыз келүү учурундагы оорулар тууралуу көпчүлүк биле беришпейт. Мына ушул гинекологияга байланыштуу суроолорго түз эфирибиздин коногу акушер-гинеколог Гүлзина Мадраимова жооп берди.
Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары
31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...







