AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Гинекологдон жооп

Гинекологдон жооп

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Окурмандарыбыз арасында гинекологиялык суроолор өтө арбын. Мастит, тукумсуздук, этек кир циклинин бузулуусу жана башка оорулардын келип чыгуу себептери тууралуу көпчүлүк биле бербейт. Бул ирээт суроолорго акушер-гинеколог Гүлзина Мадраимова жооп берди.

Сүйлөшкөн кызыман шектенем

Сүйлөшкөн кызымдын төшүнүн үрпү чоң жана кара болуп турат. Анын кыз экендигинен күмөнүм бар. Кантип билсем болот?

— Урматтуу мырза, ар бир кыз киши индивидуалдуу. Кээ бир кыздардын эмчек үрпү кичинекей же жок болсо, айрымдарыныкы чоң болуп турат. Менимче сиз кош бойлуу айымдын эмчек үрпүн көргөнсүз. Боюнда бар айымдардын үрпү чоңоюп, караят. Ошол себептен сүйлөшкөн кызыңыздан шек санап жатасыз. Мындай күмөн саноодон арылуу үчүн сүйүктүү кызыңызды гинекологдун көзөмөлүнөн өткөрүңүз.

Күйөөмө көңүлүм жок

Жашым 21 де. Жолдошумду сүйбөйм. Бизди ата-энебиз табыштырган. Балалуу боло элекпиз. Төшөккө келгенде ага болгон кумарым ойгонбойт. Канткенде балалуу боло алабыз?

— Билесизби, бойго бүтпөөнүн бирден бир себеби психологиялык жабыр тартуу.

Бул эмнеден болот десеңиз:

  • Бирин-бири тааныбаган эки жаш үйлөнсө. Башкача айтканда кызды ала качып алуу же болбосо ата-энелердин сунушу менен баш кошуу;
  • Кыздын эркекке болгон шек саноосу;
  • Кыз кичинесинде эркектен запкы чексе;

Мүмкүн ушул себептердин айынан кош бойлуу болбой жатасыз. Түшүнүп турам, сүйбөгөн адамдын баскан турганына, аны менен бир төшөктө жатууга көнүү оор. Сиз биринчи психологиялык жактан өзүңүздү даярдаңыз. Мүмкүнчүлүгүңүз болсо адистерге кайрылыңыз.

Боюмда бар окшойт

21 жаштамын. Бир ай мурун жигитим менен жыныстык катнашта болгом. Бир жумадан бери башым ооруп, кускум келип, даартканага бат-баттан барып жатам. Этек кирим дагы келе элек. Боюмда барбы?

— Эгерде кошулганда сактануу каражаттарын колдонбогон болсоңуз, кош бойлуу болушуңуз толук мүмкүн. Сиз кош бойлуулукту аныктоочу тестти пайдаланып көрүңүз. Эгер боюңузда бар болсо гинекологго кайрылып УЗИге түшүп, атайын кеңештерди алыңыз. Бул туурасында жигитке кабарлоону дагы эстен чыгарбаңыз.

Мастит эмеспи?

Менин эмчектеги эки айлык кызым бар. Эки күндөн бери төшүмдүн үстү кызарып калыптыр. Коркуп жатам. Маститтин белгиси эмеспи?

— Балаңызды эмизип жатканда кандайдыр бир инфекция кирген болсо, мастит болушу толук ыктымал. Сиз тезинен адиске кайрылыңыз. Мастит күчөп кетсе ириңдеп, бир топ кыйынчылыкты туудурат.

Толуп баратам

Мен 20 жаштамын. Адамда гормондук бузулуулар болсо салмак кошобу? Кантип гормондун балансын теңдесе болот?

— Боюңуз канча сантиметр? Балким салмагыңыз бойдун узундугуна жараша өзгөрүп жаткандыр. Туура эмес режим менен тамактансаңыз, ал дагы таасирин тийгизет. Гормондук бузулууну калыпка келтирүү үчүн эндикринолог же гинеколог адисинин көзөмөлүнөн өтүү кажет. Дарыгерди текшерүүсүнөн кийин, дары-дармектер сунушталат.

Эки башка диагноз

Мен 16 жаштамын. Этек кирим бир ай толугу менен келбей калгандыгына байланыштуу текшерүүдөн өткөм. Биринчи текшерүүдө “Жатын кистасы” деген диагноз коюлган. Жүйөлүү себептерге байланыштуу дарылана алган жокмун. Шартым болгондо кайрадан барсам “диклофенак-акос” жана башка дары-дармектерди жазып берди. Кимисине ишенем?

-Ар бир дарыгер көрүнгөн убактагы абалыңызга жараша дарылоо жүргүзөт. Сиз экинчи дарыгерге кайрылган учурда менстурацияңыз келген болсо, кайрадан текшерүүдөн өтүшүңүз керек болчу. Дагы бир ирээт кайрылып, кайрадан анализдерди тапшырып, УЗИге түшүңүз.

Балалуу болбой каламбы?

Жашым 18 де. Турмушка чыга элекмин. Этек кирим 5-классымдан баштап келе баштаган. Бирок, бир айда эмес 2-4-5 айда бир келет. Айыз учурунда кадимкидей ооруп, кыйналам. Кийин турмушка чыксам, төрөбөй калышым мүмкүнбү?

— Учурда 18 жашта болсоңуз менстуралдык цикл өз калыбына келиши керек эле. Студент болсоңуз студенттик поликлиникага барып, текшерүүдөн өтсөңүз болот. Канчалык эрте дарыланууну баштасаңыз, коркунуч ошончолук аз болот.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Ата-энемди ажыга алып баргым келет

Ата-энемди ажыга алып баргым келет

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.