AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Феминизм деген эмне жана анын кимге кереги бар?

Феминизм деген эмне жана анын кимге кереги бар?

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg феминизм деген эмне, анын кимге кереги бар деген суроолорго жоопту Демократиялык процесстерди изилдөө борбору коомдук фондунун төрайымы Лариса Илибезовадан алды.

Феминизм – бул бардык чөйрөдө аялдардын укуктары эркектер менен бирдей болуусун талап кылган кыймыл. Анын пайда болгонуна бир кылымдан ашык убакыт өттү. Бул багыт алгач Европа өлкөлөрүндө жана  Америкада пайда болгон.

Мурда кыргыздарда феминисттик кыймыл болгон беле?

Кыргызстанда феминисттик кыймыл болгон эмес. Бүгүнкү күндөгү кыргыз аялдарынын укуктары бизге Советтер Союзунун орношу менен “топтом” болуп келген. Ошондо аялдар билим алууга, иштөөгө, иштегендиги үчүн акы алууга, шайлоодо добуш берүүгө жана шайланууга, өз тандоосу менен баш кошууга жана ажырашууга мүмкүнчүлүк алышкан.

Ошондой эле СССР маалында квота системасына өзгөчө көңүл бөлүнүп жергиликтүү кеңештерде аялдардын катышуусунун пайызы ар дайым 40%дан жогору болуп келген.

Феминизм бул аялдар эркектерди башкарат дегендикпи?

Жок. Феминизм – бул бардык адамдар үчүн бирдей мүмкүнчүлүк, саясий, экономикалык жана жарандык укуктардын бирдей болушу.

Биз феминизм — демек өзүн аморалддуу алып жүргөн жылаңач аялдар деп элестетебиз. Мындай терс жана жагымсыз мамиле массалык маалымат каражаттары туура эмес маалымат бергенден улам калыптанып калган. Феминисттик кыймылдын аял затына берген мүмкүнчүлүктөрү жана укуктары абдан зор.

Мисалы шайлоого катышуу жана добуш берүү укугу үчүн америкалык айымдар XIX кылымдын соңуна чейин күрөшүп келишкен. 1920-жылы алгачкы жолу шайлоого катышышкан, ал эми британиялык айымдар 1928-жылы. Сауд Аравиянын кыз-келиндери бул укукту эң акыркылардын болуп алышты — 2015-жылы. (интернеттеги маалыматтан)

Феминисттердин бардыгы ЛГБТ коомчулугун колдойт, алар биздин жаштарды бузушат да?

Кыргызстандын жарандарынын бардыгы бирдей укукка ээ. Эгер алар мыйзам бузбаса, демек алар да билим алууга, иштөөгө жана арабызда жашоого укуктуу. Мыйзам алдында баарыбыз бирбиз.

Феминист аялдар үйдө отурбай эле иштеп жүрүшү керекпи?

Жок, ар бир аял эмне менен алектенет, жана жашоосун кандай жашагысы келет өзү чечиш керек. Көптөгөн кылымдар бою коом аялдардын башкы максаты күйөөгө тийүү жана балалуу болуу деп келген.  Бирок аял киши да ой жүгүртө алат, чыгарма жаза алат, музыка ойлоп таба алат, мамлекетти ийгиликтүү башкара алат, илимий ачылыштарды жасай алат. Демек, ал дагы иштеп, иштегени үчүн акчалай каражат алууга укуктуу.

Ар бир аял өзү чечиш керек: карьера жасагысы келеби же үйдө отуруп бала багып, ага тарбия бергиси келеби. Бул анын жеке каалоосу болуш керек. Эч кимдин ага өз оюн таңулоого акысы жок.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
“Ак чүч!” – деген эмнени билдирет? Билбесеңиз окуп көрүңүз

“Ак чүч!” – деген эмнени билдирет? Билбесеңиз окуп көрүңүз

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.