Саламатсыңарбы. Мен төртүнчү балам менен кош бойлуумун, 18 жума болуп калдык буюрса.
Биринчи баламда кокусунан давлением көтөрүлүп, врачтар “белок” бар, балаң өлүк төрөлөт дешкен. Бирок, сопсонун эле эркек бала төрөп алдым.
Экинчим менен да кош бойлуу болуп жүргөнүмдө ФАПтагы эже анализдерди көрүп, “белок” көп экен, деп коркуткан.
Негизи “белок” канча болуш керек анализде? Жооп берип койгулачы, өтүнүч?







