AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Эжем кетем дебесе карт бойдок болуп жүрө бермекмин

Эжем кетем дебесе карт бойдок болуп жүрө бермекмин

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет тартынчак жигиттин баянын жарыялайбыз. Эскертүү, каармандардын аты өзгөртүлдү.

Кудум “Боз салкын” тасмасындагы Сагын менен Анарадай болгонбуз

Эх, коронавирус, коронавирус… Бирде жек көрөм, кайра туруп ыраазы болуп кетем. Кыскасы көп адамдын көзүн ачтың.

Тартынчаак жигитмин. Кыздарга сүйлөгөндү бери кой, жазганда кызарып кетчүмүн. Эжеме абдан ыраазымын. Кетем деп шаштырбаса, сүйгөнүмө сунуш киргизе албай жүрө бермекмин.    

Жаканы бешинчи класстан бери жактырам. Ой, чиркин, ой! Ал үчүн далай уйкусуз түндөрдү өткөрдүм го. Элестеткиле, беш жылдан кийин, тактап айтканда 10-класста сүйөрүмдү араң айттым.

Кудум “Боз салкын” тасмасындагы Сагын менен Анарадай болгонбуз. Жаңы-жылдык кечеден кийин үйүнө узатып бараткам.

— Сага бир нерсе айтайын дегем…

— Эмнени?

— Унутуп калдым, анан айтам…

Унутпай эле, көчөнүн башынан Садыр байке келатканын көрүп калгам.

— Эстедим.

— Айт анда.

— Анан.

Үйүнө жеттик. Эшигин ачып кирип баратканда, “мен сени сүйөм” деп туруп чуркап кеттим. Жообун уккандан корктум. Эртеси мектепке барбай койдум. Үйүмө өзү келди.   

Сүйөм дегенден үйлөнүү сунушун киргизүү кыйын экен. Университетти бүттүк. Экөөбүз тең иштеп баштадык. Шакек чөнтөгүмдө жүрө берип, кутусу эскирип калды. Ар бир жолугушууга чыгынып барам, аны көрөрүм менен кислородум буулуп калат. Себеби ушунчалык сүйөм дейсиңер!

Капыстан карантин башталып, рейстер жабылып кирди. Эжем күйөөсү, балдары болуп чет өлкөдө жашайт. Жаңы эле учуп келген, үй-бүлөмдөн алыс калып калбайын деп кайра билет алганга аргасыз болду. «Эрнис, бул оору узак болот окшойт. Азыр учуп кетсем, кайра көптөн кийин келем. Жалгыз инимдин үйлөнүү тоюн көрүп алсам дейм.»

Чындап эле эжем кетсе көптөн кийин келери анык. Анын үстүнө ата-энем дагы карып калды. Ооруп калсак, эмне болорун ким билет. Келинин көрүп калышсын дедим.

Ошол эле күнү Жаканын жумушуна бардым. Сырты эскирген кутуну алып чыгып, “жубайым болчу” дедим. Бир жумадан кийин эжемди келини экөөбүз узатып келдик.

 

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Боюмда бар

Боюмда бар, чайдын чамасын жегим келе берет, зыян эмеспи? Гинеколог жооп берет

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.