Этек кир кандай түстө болушу керек деген суроого бир тараптуу жооп берүү кыйын. Себеби менструалдык кандын түсү көп нерседен көз каранды. Нормада кандай болушу мүмкүн экенин акушер-гинеколог Жазгүл Матраимова айтып берди.
— Орточо эсеп менен алганда, биринчи этек кир 13 жашта келет. Ошондой эле 10-15 жашка чейин келген учурлар дагы норма болуп эсептелет. Андыктан, баары индивидуалдуу. Так мынча жаш деп айтуу мүмкүн эмес.
— Айыз биринчи жолу келгенде айрым кыздарда аз эле кан келет, кээ бирөөлөрүндө уюган сымал кан дагы болушу мүмкүн.
— Уюган кан — бул көпкө чейин жатында туруп, чыгып баратканда кислород кошулуп карайып же күрөң болуп калган кан. Ал эми бат чыккан кан суюк жана кызыл болот.
— Адатта, этек кир кызыл, күрөң же кара күрөң түстө болот. Кандын түсү гормоналдык өзгөрүүлөр жана айымдын ден соолугуна байланыштуу башка факторлордон көз каранды.
— Этек кир башталгандан баштап бир жыл ичинде кан ай сайын 3-4 күн уюбай келип, кызыл түстө болуп калышы керек. Эгер этек кир бир жылдан бери уюган кан болуп келип жатса, кээде эки-үч ай келбей дагы калса анда гинекологго баруу керек.
— Этек кир келгенде биринчи күндөн баштап үчүнчү күнгө чейин уюбаган кан келиши керек. Уюган кан 4-5 күн болушу мүмкүн, мындай учур норма болуп эсептелет. Эгер биринчи күндөн баштап эле уюган кан келсе, оорутса, жыт болсо анда бир оорунун себеби болушу мүмкүн. Тезинен гинекологго баруу керек.







