AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Эт жеш үчүн барасың деп

Эт жеш үчүн барасың деп, күйөөм тойго жибербейт

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Бара-бара туугандарым той бергенин бирөөдөн укчу болдум. Мени эмнеге чакырышпады деп таарынбайм. Антип, таарынганга да акым жок. Баарына өзүм күнөөлүмүн. Же күйөөмбү?

Данилге турмушка чыкканыма сегиз жыл болду. Эки уулубуз бар. Үчүнчүсүн күтүп жатабыз. Шаарда калабыз деген ниетибиз ишке ашпай калган. Университетти бүтөөрүбүз менен баш кошконбуз. Жумуш жок. Аргасыз Данилдин айылына жөнөп кеттик. Балким, шаарда калсак, туугандарыма жакын болот белем.

— Анара, уулумду отургузуп жатам. Келип кетесиңби?
— Бара албайм го, кенжем ооруп калыптыр, таарынбаңыз.
— Анара, 14ү келин алабыз.
— Данил командировкага кеткен, үйдү таштаганга киши жок, таарынбаңыз.
— Анара, апамдын туулган күнүнө келесиңби?
— Жол киреге акча жок, таарынбагыла.
— Анара, тайкеңдин 50 жылдыгын кафеде белгилейбиз.
— Бир жумадан бери катуу ооруп жатам, таарынбаңыз.

Кимге шылтоо керек болсо, мага кайрылсын. Түрлөрү көп, каалаганын табат. Чынын айтайын, баламдын дени сак, Данил командировкага кеткен эмес, жол киреге акча бар, катуу оорубай эле, сасык тумоолоп калгам. Болгону, күйөөмдүн жеме аралаш насиятын уккум келген жок.

Төркүндөрүм той-топурга чакырып калса, “Эт жеш үчүн барасың”,-деп жибербейт.

Жаңы үйлөнгөндө суранып жатып барып келчүмүн. Жөн отургузсачы, секунд сайын чалып, “жатып калбай, түндөп болсо да кел, уктуңбу”, — деп урушчу.
Турмушка чыккандан кийин төркүндөрүмдөн кадимкидей алыстап кеттим. Башында таарынып жүрүштү. Акыры, “анын шылтоосу бүтпөйт”,- деп кол шилтеп коюшту.

Данилге чогуу барып келели десем көнбөйт. Балдарды карап тур, мен өзүм барайын десем болбойт. Балдарды өзүм менен чогуу алып кетейин дегенге да ыктабайт. Баягы эле сөзү, “Эт жегиң келип калган окшойт”.

Ушунчалык чарчадым. Баарына кайыл болуп, башка жакка кетип калгым келет. Бирок, балдарымды ойлом. Эмне кылсам экен? Кеңешизге муктажмын.

Адис эмне дейт

Эльвира Чокоева, психолог

Кутмандуу күнүңүз менен! Катыңызда жазганыңызга караганда күйөөңүз менен болгон мамиле, «ребенок-ребенок» сыяктуу өңдөнөт. Анын күнөө сезимине, абийирге, коркутууга басым жасоосу — бул эмоционалдык зомбулук жана жетилбестик. Жолдошуңуздун позициясы жаш баланыкы жана өзүмчүлдүк. А сиз коркуп жана өзүңүздү күнөөлүү сезип жатасыз. Бул эшиги жок айлампа сыяктуу. 

Сиз туугандарыңыз менен такыр сүйлөшпөй кое албайсыз, туурабы? Баарлашуунун жаңы даражасына чыгыш үчүн, силер психологиялык жактан чоңоюшуңар керек. Башкача айтканда — келишүү, бири-бириңердин каалооңорду сыйлаганды үйрөнүү. Мисалы, сиз туугандарыңызга барып келесиз, андан кийин ал достору менен жолугушат ж.б. Жайбаракат отуруп алып сунуштап, шарттарды сүйлөшүп, өнөктөштү угуп дегендей. Эгер күйөөңүздү бапестеп, анын реакциясынан коркуп жүрө берсеңиз, анда бул чоңдордун эмес жаш балдардын мамилеси бойдон кала берет. Алар эч кандай жакшылыкка алып келбейт. 

Кежирлик — бул манипулация, ал чоңдорго мүнөздүү эмес. Анан да, конокко баратканда жол киреге күйөоңүздөн акча алуунун кереги жок. Башка вариант табууга аракет кылыңыз. 

 

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Пицца кайсы өлкөнүн улуттук тамагы? Таба алам десеңиз

Пицца кайсы өлкөнүн улуттук тамагы? Таба алам десеңиз, тесттен өтүңүз

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.