AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Эшикке чыкса болобу? Өзгөчө абалда өзүн-өзү алып жүрүү эрежелери

Эшикке чыкса болобу? Өзгөчө абалда өзүн-өзү алып жүрүү эрежелери

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Кыргызстанда 22-марттан баштап бир айлык мөөнөткө өзгөчө абал киргизилди. Дарыкана менен азык-түлүк дүкөдөрү ишин уланта берет. Ал эми кафе, ресторандарга тамакты жеткирип берүү кызматын уюштуруу сунушталууда. Мамлекеттик кызматкерлерге, банктарга башка иш режими белгиленди. 

ӨКМ Кыргызстандагы өзгөчө абалдын жол-жобосу таркатты. 

1. Шаар/айыл/районго кирип жана чыгуу

Негизги жолдордо санитардык-эпидемиялык посттор орнотулат. Үйдөн чыкпай отуруу сунушталат, бирок негиздүү себеп болуп калса блокпосттордон тоскоолдуксуз өтүп турууга мүмкүн. Блокпосттордон тоскоолдуксуз атайын унаалар (таштанды чогултуучу, инкасаторлор) жана жүктөрдү, азык-түлүктөрдү, элге керектүү товарларды, дары-дармектерди ташыган транспорттор гана өтүп турушат.

2. Шаар/айыл/районго кирип жана чыгуу

Атайын өткөрмө кагаздар болбойт. Шаардан сырткары туруп, бирок иши шаардагыларга карантин убагында аралыктан иш алып барып, же болбосо үйдө эле болуп туруу сунушталат.

Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдардын штабдары өзгөчө учурларды өз ара караштырып чечим чыгарышат.

3. Иш

Тыюу салынбаган тизмеге кирген ишкана ээлерине, аралыктан иштөө тартиби же иштеги кызматкерлердин санын кыскартуу сунушталат.

4. Билим берүү

Мектеп окуучулар 8-апрелге чейин таратылды. Окуучулар үчүн билим берүү жана илим министрлиги IV чейректеги окутууну аралыктан жүргүзүп жаткандыктан, учурдагы окубай калган күндөр жайкы эс алууга жылдырылбайт. www.edu.gov.kg сайтынан 1-11-класстын окуучулары тест жана окуу материалдары менен тааныша алышат. Бүтүрүү сынактары жана ЖРТ үчүн атайын өзүнчө ыкмалар берилет.

Мамлекеттик жана жеке менчик бала бакчалар жабылды. 

ЖОЖ менен колледждердин студенттери онлайн-окутууга өтүшөт. Чет жактан келип, үйлөрүнө кете албай калгандар жатаканада жашап билим ала беришсе болот.

5. Ден соолук

Оорукана, бейтапкана жана амбулатория клиникалары кадимки иш тартиби менен иштей беришет. Эскерте кетүүчү жагдай, эгерде сиз өзүңүздү жаман сезсеңиз ооруканага баруунун кажети жок, болгону (112, 103, 118) номерлерин терип, байланышуу керек. Болбосо жергиликтүү медицина кызматтарына байланышуу зарыл.

6. Эшикке чыкса болобу? 

Элдин айыл менен шаар ичинде жүрүүсүнө чек жок. Бирок, ошого карабастан үйдө болуу сунушталат. Болгону ошондой жол менен гана вирустун жайылуусун токтото алабыз.

7. Коомдук транспорт

22-марттан баштап Бишкек шаарында коомдук транспорттордун жүрүүсүнө чектөө киргизилет. Көптөгөн жеке менчик маршруттук таксилер убактылуу ишке чыгышпайт. Башка коомдук автобус менен тролейбус багыттары иштей беришет.

8. Соода-сатык

Ири соода-оюн зоок борборлору карантинге жабылды. Бирок ошол эле маалда өзгөчө абал маалында азык-түлүк жана дарыканалар кадимки тартипте иштей беришет. Кафе-ресторандар жеткирип берүү тартибинде гана иштешет. Азык-түлүк сатпаган базарлар, спорт залдар, басссейиндер, СПА, сулуулук салондору убактылуу жабылат.

9. Мамлекеттик кызматтар

Өтө маанилүү деп эсептелген мамлекеттик ишканалар жана коммуналдык инфраструктуралар (электр, газ, жылуулук түйүндөрү ж.б.у.с) кадимкидей иштешет. Мамлекеттик жана муниципиалдык мекемелер жарандарды кабыл алууну чектешет.

10. Банктар

Көпчүлүгү ачык болот, бирок айрым бөлүмдөрүнүн кызматкерлери кыскартылып же бөлүмдөр толугу менен жабылышы мүмкүн. Негизи мындай учурда, онлайн-банкинг жана банкоматтарды пайдалануу сунушталат.

Эрежелерди бул жерден жүктөп алсаңыз болот. 

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Эгер бул аракеттерди жасасаңыз инстаграм аккаунтуңуз блокко түшөт

Эгер бул аракеттерди жасасаңыз инстаграм аккаунтуңуз блокко түшөт

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.