AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Эшек минип келатып сүйгөнүмө жолугуп калып уят болгом

Эшек минип келатып сүйгөнүмө жолугуп калып уят болгом

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет жаш жигиттин катын жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү. Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт!

Өзүмдү “мачо” сезип алгам. Мода кууп кийинип, ай сайын телефонумду алмаштырып, чачымды “модельный” кылып кырктырып дегендей. Болбосо, экинчи эле курстун студентимин. Баары мени чоңдун баласы деп ойлошот. А чынында пенсия күтүп жашаган кемпир-чалдын уулумун.  

Акчаны кайдан тапканым кызык болуп кеттиби? Сабактан кийин цехте үтүкчү болуп иштейм. Сменим түндө болгондуктан мени эч ким деле көрбөйт. Андыктан, койкоңдоп жүрсөм тааныштар жолугуп калат деп кабатыр болбойм деле. Нормадан тышкары жумуш бүтүрөм. Тапканым өзүмө гана эмес, ата-энеме нават, конфет салып, светин төлөп бергенге жетет.  

Ушу коңшу айылдагы сулуунун көңүлүн буралбай койдум. Жасанып алып жанынан канча ирет өтсөм дагы карабады. Духим жакпай жатабы деп башкасын алып себиндим, бир кылчайып койбойт.

Баса, аны кантип сүйүп калганымды айта кетейин. Каникулда айылга баратып бир таксиге отуруп калдык. Жанымдагы эже менен сүйлөшүп келаткан, ошондо коңшу айылда турарын билдим. Менден бир курс төмөн окуйт. Ал терезеден жолду карайт, мен жалдырап аны карайм. Эмне болуп сүйүп калганымды деле билбей калдым.

Каалап турсам дагы репутациямды түшүрүп артынан чуркагым келбеди.  Досторум шылдыңдайт дедим. Алардын көзүнчө кыз жактырбай жүрчү элем. Күн сайын аны ойлойм. Уйку качты. Ар дайым гелденип турган чач апсайды. Ошондо дагы сыр билгизбегенге аракет кылып жүрдүм. Бир жолу кечигип сабакка баратсам алдыман чыгып калды. “Эй, кандайсың!” десем, карап туруп унчукпай өтүп кетти.

Сүйлөшкөн кызым «боюмда бар» дегенден кийин жумуш издей баштадым

Айылда ата-энемдин жанында жүргөм. Апам үйдө картошка түгөнүп калганын айтты. Дүкөнгө басып баргандан эринип, атамдын кара эшегин минип алдым. Бир килограмм картошканы эшекке артып коюп, сникерс жеп жайбаракат келатсам алдыман чыкты. Шоколадды кантип жутканымды билбей калдым. Бул ирет ал  “Эй, кандайсың?” деди. Күлдүк.

Эшегиме отургузуп айылына жеткирип койдум. Жол боюу сүйлөшүп бардык. Коштошуп жатып, “адамдын сулуулугу жөнөкөйлүктө, сен мага эшегиң менен жактың”,-деп, номерин берди. Үйгө кирип барсам, апам картошканы сурады. Бактыма балкып, эшектин газын тээп келатып картошкам жолго түшүп калыптыр. Кайра дүкөнгө жөнөдүм.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кудагыйыма “кызымды көлөкөгө баккам” десем, “мен деле күн көрсөтпөйм” деди

Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Кайын энем мени жамандагандардын оозун жаап жатканын көрүп жашыйм

Кайын энем мени жамандагандардын оозун жаап жатканын көрүп жашыйм

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.