Саламатсызбы. Менин башым катып жатат. УЗИге түшсөм “эрозия шейки матки” деп жыйынтык чыгарып беришти, анализдерим да начар чыгыптыр. Эми эрозияга дагы анализ тапшырат экенмин. Эгер жатын моюнчасындагы клеткалар ракка айланса онкологияга жөнөтөбүз, деп айтышты.
Бир эже “черный тмин” ичсең жакшы болуп кетесиң, деп жатат. Эмне кылсам болот? Чын эле ушундайбы? Гинекологдон кеңеш алып бериңизчи?







