AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Эрмек Нургазиев: “Кыргызстан” партиясы ийгиликтүү адамдардан куралган”

Эрмек Нургазиев: “Кыргызстан” партиясы ийгиликтүү адамдардан куралган”

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Ийгиликтүү ишкер,  «Кыргызстан» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Эрмек Нургазиев маектешүү учурунда курулуш жана туризм тармагы, ошондой эле алдыдагы максаттары тууралуу айтып берди.

— Өзүңүз жөнүндө айтып берсеңиз?

— Мен Жайыл районунан болом, бирок балалыгым жана жаштыгым Ош шаарында өттү. Азыр мен 43 жаштамын, курулуш тармагында ишкердик менен алектенип келем. Менин чоң үй-бүлөм бар – беш кыз, бир уулдун атасымын.

— Эмне үчүн курулуш тармагын тандап алдыңыз?

— Мен, башкалар сыяктуу эле, 90-жылдары базарда сатуучулук менен иш баштадым. Андан кийин эки кафе жана унаа жуучу жай курдум. Бирок мен курулуш менен алектенүүнү көптөн бери кыялданып жүргөм. Азыр менин шаарда эки долбоорум бар. Мындан сырткары Кыргызстандагы уникалдуу долбоорлордун бири – Ысык-Көлдөгү ири коттедж шаарчасын куруп жатам.

— Ушундай татаал бизнесте кантип ийгиликке жетише алдыңыз?

— Эң негизгиси туруктуулук жана адамдардын ишенимин жоготпоо керек. Анткени курулуш бизнеси негизинен ишенимдин негизинде түзүлөт.

Сизге ишеним артканда, бардык идеяларыңыз иштейт. Кошумча жардам сиз менен байланышкан адамдар аркылуу келет, айткан сөздөрүңүз иш жүзүндө аткарылып баштайт жана ушунун бардыгы чоң ийгиликтерди жаратат.

— Кыргызстандын туризм тармагына кандай баа бересиз?

— Албетте, биз башка өлкөлөрдөн кыйла артта калдык. Бизде салыктар, виза тартиби, эски аэропорттор боюнча көйгөйлөр бар. Ошондуктан, бизге жакшы шарттар керек. Кантсе да, конок өзүн үйдөгүдөй сезиши керек. Ошондо өлкөбүзгө келген туристтердин саны көбөйөт.

— Партиянын «ЭЛ YЧYН» программасында Кыргызстанга жылына 2 миллион туристти тартуу боюнча пункт бар. Өлкөбүздө туризм индустриясынын жаңы деңгээлине кантип жетишүүгө болот?

— Эгерде биз парламентке барсак, анда биринчи кезекте туризм тармагына инвестиция салгысы келген мекендештерге негиз берүү үчүн текшерүүлөрдү жана салыктарды кыскартууга багытталган мыйзам долбоорлорун сунуш кылышыбыз керек. Жөнөкөй ишкер, ал тургай чакан туристтик комплекс ачуу үчүн, чоң бюрократиялык тартиптен өтүүгө мажбурбуз. Демек, бул тармак бизде өнүкпөй жатат. Бул демилгени көтөрсөк, башка партиялар бизди колдойт деп ойлойм.

— Эмне үчүн “Кыргызстан” партиясын тандадыңыз? Башка саясий бирикмелерден эмнеси менен айырмаланат?

— Ар бир адамдын өзүнүн принциптери бар. Айрымдары мамлекеттик кызматка, башкалары ишкерчиликке барышса, кээ бирлери  популизм менен алектенишет. Мага “Кыргызстан” партиясы жакты, анткени бул жерде ишкерлик тармакта ийгилик жараткан жаратман адамдар көп. Бул партия философиясы жагынан мага жакын.

Буйрутма берүүчү «Кыргызстан» саясий партиясы. Дареги: Бишкек ш. Манас п, 115А. «Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондусунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Шамшидин уулу Разак тарабынан төлөндү. (№94 күбөлүк, 29.09.2020)

Аткаруучу: «ПроМедиа Плюс» КФ, Бишкек ш., Токтогул көч., 90а. Буюртмачы: “Кыргызстан” саясий партиясы. “Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж)

Жарыяланган күнү: 29-сентябрь, 2020-жыл. Нускасы: 1 даана.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.