AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Эркек баланы тарбиялоодо ата-энелер кетирген 5 жаңылыштык

Эркек баланы тарбиялоодо ата-энелер кетирген 5 жаңылыштык

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Психолог Эльвира Чокоеванын айтканына караганда уул менен кызды тарбиялоо түп тамырынан айырмаланат. Эркек балдарга тарбия берүүдө ата-энелер кетирген негизги жаңылыштыктар туурасында Bilesinbi.kg сайтына айтып берди.

  1. Ашыкча кам көрүү

Балага мүмкүн болушунча көбүрөөк шарт түзүп берүү максатында, кээ бир ата-энелер аша чаап кетишет. Эгер уулуңуз өз алдынча тамак иче алса, боосун байлай алса, сабагын окуй алса, колунан ала калып, жардам бере калуунун зарылчылыгы жок. Балаңызга ишениңиз, ал жасай алат. Өз алдынча көчөгө чыгып ойносун, велосипед тепсин, бакка чыксын. Ооба, жыгылып кетиши мүмкүн, жыгылса кайра туруп, жолун улантат. Сиз аны бардык нерседен коргой албайсыз. Кыйынчылыктарды өзү жеңип үйрөнсүн. Ата-эненин максаты — бала жардам сурап кайрылганда жанында болуу, колдоо көрсөтүү. Анын маселелерин, көйгөйлөрүн чечүү эмес. Өзүңүздүн кичинекей чагыңызды эстеп көрүңүз.

  1. Жылуулуктун жоктугу

Коомдо эркек баланы күчтүү, чечкиндүү жана чыныгы жигит кылып тарбиялоо керек, ошондуктан аны ашыкча кучактап, эркелетип, бетинен өбүүнүн зарылчылыгы жок, бала назик болуп калат, деген жаңылыш пикир бар. Бул андай эмес! Тескерисинче, баланы колго алуу, кучагыңа кысуу, адамгерчиликтүү, боорукер, жакындарын түшүнө билген мырза болуп чоңоюсуна жардам берет. Келечекте мындай жигиттер кыздар менен таанышууда, сүйлөшүүдө кыйналбайт, оңой эле тил табышып, ынтымактуу бекем үй-бүлө кура алат.

  1. Тынымсыз сындоо

Эгер балаңыз бир нерсени жакшыраак жасасын деп анын кылгандарын, көтөрүп чыккан демилгелерин, жетишкендиктерин сындай берсеңиз, тетири натыйжага келе турганыңыз анык. Баланын өзүнө болгон ишеними жоголуп, ата-энесинен алыстайт. Эркек бала чечкинсиз жана өтүмү жок болуп калат.

Балаңызды көбүрөөк мактап, анын иштерине суктаныңыз. “Сен болбосоң дагы бир топко чейин отурмакмын, келип жардам бергениң жакшы болбодубу!”, “Сен азаматсың, тамак аябай даамдуу болуптур!” ж.б.

  1.  Атанын аброюн түшүрүү

Эгер эне чыныгы жигитти тарбиялагысы келсе, анын атасына карата жасаган мамилеси бала үчүн үлгү болуш керек. Атасын сыйлап, анын айткандарына кулак салып турганын акылы менен түшүнбөсө да, үйдөгү атмосфераны сезип турат.

Атасы жок үй-бүлө болсо деле баланын атасына болгон сый мамилени сактап калуу зарыл. Себеби, сиздин үйдө кичинекей мырза өсүп келатат. Баланын акылы жете турган маселелер боюнча аны менен кеңешип, күчү жете турган жерден жардам берүүсүн сураныныз, пикирин эске алыңыз.

  1. Жеке пикирди таңуулоо

Эгер өзүңүз бала кезиңизде дарыгер болууну каалап, бирок бул тилегиңиз ишке ашпай калса, бала сиздин жеке кыялыңызды орундатууга милдеттүү эмес. Ар ким өз жашоосу менен жашайт. Кесибин, жеке жашоосун, келечегин өзү чечсин.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Кайын энемдин алимент доолаганга укугу барбы? Юрист жооп берет

Кайын энемдин алимент доолаганга укугу барбы? Юрист жооп берет

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.