Турмушка чыкканыма эки жылдан ашты, төрөй элекмин. Эки жолу доктурларга көрүнүп дарыландык. Кимибизден экенин биле алган жокпуз, бирок шамалдап калгансыңар дегенинен дары ичип, укол алдык.
Күйөөмдүн уругунун пайызы жетпей атат окшойт, деп да дары ичти. Бир аз өзгөрүү болду окшойт. Бирок андан кийин менин этек киримдин цикли бузулду. Көпкө келбейт, келсе токтобойт. Этек киримдин токтобой жатканына 10 күндөн ашты.
Гинекологго көрүндүм, УЗИ жасатсам, “энелик уруктары жок” деп чыкты. Эмне кылышты билбей калдым. Жакшы гинекологдон кеңеш алып бергилечи?







