AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Эмоционалдык интеллект деген эмне жана эмне үчүн ал абдан маанилүү

Эмоционалдык интеллект деген эмне жана эмне үчүн ал абдан маанилүү

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
586
БӨЛҮШТҮ
3.3k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

«КТК» эл аралык борборунун аткаруучу директору, психология илиминин кандидаты Татьяна Киселева 13-ноябрда Бишкекте болуп өткөн «Келечектеги эмгек базарынын төрт дүйнөсү» жаштар форумунда эмоционалдык интеллект тууралуу айтып берди. Ал эмне экен деп кызыгып турсаңыз, жообун төмөндөн таба аласыз.

2006-жылы өткөн футбол боюнча дүйнө чемпионаты эсиңиздеби? Финалда алтын үчүн Италия жана Франция курама командалары ат салышкан эле. Тажрыйбалуу жана мыкты оюнчу Зинедин Зидан матчтын 7 мүнөтүндө пенальти киргизет. 12 мүнөттөн кийин италиялык Марко Матерацци эсепти теңдейт. Кошумча убакыт берилет. Дал ушул жерден эстен кеткис окуя болуп кетет. Жаш Марко Зиданга бир нерсе деп сүйлөйт, Зидан кармана албай төшүнө башы менен бир урат. Франция командасынын лидерин талаадан чыгарып салышат. Ошентип Франция жеңилип калат. Эгерде Зидан эмоцияга алдырбаса командасын жеңишке алып келет беле? Мүмкүн.

Эмоционалдык интеллект (ЭИ) – бул эмоцияда камтылган маалыматты иштеп чыгуу, маанисин аныктоо жана аны ой-жүгүрүү, чечим кабыл алуу үчүн колдонуу жөндөмдүүлүгү.

Эмоционалдык интеллект стресске каршы туруктуулукту жогорулатат

— ЭИ жогору адам өзүн стресске алдырбайт, койгон максатына тез жетет.

— ЭИ жогору адам кыйын кырдаалдарда туура чечим кабыл алат.

— ЭИ жогору адам  чечим кабыл алууда тышкы маалыматтардын таасирине аз кабылат.

Келиңиз эмоцияларды таанып биле аласызбы эже жокпу билип көрөлү.

1. 

2. 

3. 4. 

5. 

Туура жообу:

1. Боор оору

2. Кубануу

3. Оору

4. Жийиркенүү

5. Коркуу

Эмоционалдык интеллекти кантип өнүктүрсө болот?

1. Эмоциянын алфавитин үйрөнүңүз

— Эмоциялардан кабардар болуу үчүн күндөлүк ачыңыз. 

— Эмоцияларды таанып билүү алгоритмин колдонуңуз:

  • Эмоцияны атоо
  • Туюмдарды көзөмөлдөө
  • Аракеттерди көзөмөлдөө
  • Башкалардын иш-аракеттерине көңүл буруу.

— Башкалардын эмоцияларына көз салыңыз. Тигил же бул эмоцияны кантип тааныдыныз, жазып туруңуз.

2. Эмоциянын келип чыгуу себептерин аныктаңыз

Жалпы себептер:

— Каалаганына жете албоо, тоскоолдуктар, адилетсиздик, өзүңдүн чек араңды коргоо — АЧУУЛАНУУ.

— Каалаганына жетүү, ээлик кылуу — КУБАНУУ.

— Сырттан келген коркунуч — КОРКУУ.

— Жаңы маалымат алуу — КЫЗЫГУУ.

— Жоготуу, чыгаша болуу — КАЙГЫРУУ.

3. Эмоцияны, көйгөйдү жана жыйынтыкты салыштырыңыз

— Көйгөйлөрдү чечип, тийиштүү жыйынтыкка жетүүгө эмоцияларыңыз канчалык деңгээлде жардам берет байкаңыз. 

— Ишти пландаштырып жатканда эмоцияларыңыз менен маселени салыштырыңыз.

4. Эмоцияларды башкаруу үчүн эффективдүү стратегия тандап алыңыз

— Эмоцияларды пландаңыз! Иш-чаранын алдында кайсы эмоциялар сизге жардам берет жана башкалардан кандай сезим чакыргыңыз келет. Мисалы, жолугушуулар, келишимдер, эл алдына чыгып сүйлөө ж.б.

— Башкаруунун эффективдүү стартегиясын тандап алыңыз:

  • Көңүлдү башкага буруңуз (10 го чейин санаңыз)
  • Физикалык көнүгүүлөр
  • Психологиялык ыкмалар.

Эмоцияга алдырбаңыз! Эмоцияңызды башкарыңыз!

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Сүйүү каттары: Жигиттер да ыйлайт

Сүйүү каттары: Жигиттер да ыйлайт

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.