AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Эмнеге ажырашкан кыз-келиндерди жеңил ойлуу дешет?

Эмнеге ажырашкан кыз-келиндерди жеңил ойлуу дешет?

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Саламатсыздарбы, сиздерден кеңеш алайын дедим эле. Мен 23 жаштамын. Күйөөгө тийип чыккам, 3 ай мурун ажырашып кеттик. Себеби бул деп анык айта албайм, бири-бирибизге көнө албай койдук. Ортодо балабыз жок. Бизде билесиздер да, күйөөдөн чыккан кыздарды жеңил ойлуу деп ойлошот. Кайда барбагын тийишип, төшөккө тартуу аракетин көрүшөт. Эми табият адамдарды жыныстык катнашка барууга ылайыктап жараткандан кийин, кээде аябай кумар алууну каалайм. Ажырашкандан кийин эч ким менен кошула элекмин. Кошулайын дейм, бирок, жеңил ойлуу болгум келбейт. Минтип жүрө берсем, ооруп калбаймбы? Жыныстык катнашсыз жашоо канчалык зыян? Сиздерден жооп күтөм.

 

Илья Комаровер, психотерапевт, сексолог

Урматтуу айым, бат эле ажырашып кеткениңиздер өкүнүчтүү экен. Сиздей көйгөйү бар аялдар мага көп кайрылышат. Бул эми актуалдуу суроо. Кыргызстанда гана эмес жакынкы өлкөлөрдөгү никелердин 80% ажырашуу менен аяктап жатат. Мунун эң олуттуу себеби — адамдар кумар гана алып жашагысы келет. Алсак, ошол эле жубайлар бирин-бири уккусу келбейт, кандай гана чыр-чатак болбосун “ажырашам, башкасын табам” деген сөздөр менен аяктайт. Ажырашканы-ажырашып алып, өздөрүнө болгон ишеними төмөндөйт. “Күйөөм же аялым биринчимдей болуп калса эмне кылам” деп экинчи нике куруудан коркуп жүрө беришет. Бул эми  биринчиден.

Экинчиден, биз бири-бирибизди кабыл алгыбыз келбейт. Ошол эле күйөөңүз башка үй-бүлөдө тарбия алган, чоңойгон. Албетте ал сизге окшош болбойт. Тандаган жарыңызды кабыл алып, аны түшүнүп, пайда болгон кыйынчылыктарды чогуу жеңсеңер гана бактылуу болосуңар. Баарын сүйүү башкарышы керек. Мамиле курганды, аны сактай билгенди үйрөнүү зарыл. Болбой калды деп эле ажыраша берсек аягы эмне болот. Эми келечекте булар эсиңизде болсун.

Жыныстык катнашсыз жашоо зыян эмеспи деп жатасыз. Албетте, зыян. Эгерде кумар алгыңыз келсе, бир адамды издеп, таап, мамиле куруңуз. Жакшы адамдар көп. Өз алдынча мастурбация кылып кумар алып жүрө берсеңиз, нормалдуу үй-бүлө кура албайсыз. Адамдын бул жашоодогу милдети аркасынын урпак калтыруу, балалуу болуу. Ал эми бул нерселер үй-бүлөсүз болбойт. Мен сизге ийгилик каалайм!

 

 

 

 

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Аялым алимент төлөсүн!

Аялым алимент төлөсүн!

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.