Эл катары үй-бүлөм бар. Келинчегимди сүйөм, сыйлам. Анын дагы мага болгон мамилеси ушундай. Сырттан караган адамга бактылуудай көрүнүшүбүз мүмкүн. Бирок, менин айыман үйдө күн алыс уруш чыгат.
Идеалдуу көрүнгүм келеби же бул бир оорубу билбейм, келинчегиме калп айта берем. Дос-туугандарым бул адатым тууралуу билбейт, анткени аларга ар дайым чын сүйлөйм. Мени так жүргөн, калп айтпаган киши катары таанышат. Канча аракет кылсам деле, келинчегимди көрөр замат баягы адатымды баштайм.
Ала жипти өмүрү аттаган эмесмин, жумушум бүтөөрү менен тапканымдын баарын көтөрүп алып, түптүз үйгө жөнөйм.
Аялыма кошулуп кайын-журтум мага ишенбей калды. Калпым баары бир билинип калат. Минтип отурсам аягы жакшылыкка алып барбайт. Кызымдын атасыз өсүшүн каалабайм. Келинчегимдин ишеничин актасам дейм. “Эмнеге мен калп айтам?” деген суроону өзүмө миң ирет бердим. Жооп жок.







