AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Эмне үчүн үйдө отурган аялдын эмгеги бааланбайт?

Эмне үчүн үйдө отурган аялдын эмгеги бааланбайт?

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Үйдө отурган аялдардын көбүнө “Эмне үчүн мен жасаган жумуш бааланбайт?” деген суроо оюна келсе керек. Мен бир күндө ушунча иш бүтүрөм, бирок анын баш аягы жок, натыйжасы көрүнбөйт.  

Психолог Мария Самсонова үй жумуштарынын баркын көтөрө турган бир нече кенештерин берди.

Эмпатиянын жок болушу

Эмпатия – сезим, боор оору, башка бирөөнүн абалын түшүнүү менен кабыл алуу.

Адамдар ар кандай болот. Айрымдар айттырбай эле түшүнүшсө башкаларына майда-чүйдөсүнө чейин түшүндүрүп, чайнап берүү зарыл. Үй-бүлө мүчөлөрүңөр эмпатиясы аз адамдар болсо, аларга өзүңүз тууралуу эскертип туруңуз.

Башкалардын аракетин жактырбоо

Үй бүлөнүн ар бир мүчөсү өзүнүн милдетин эң оор, баарынан татаал, деп эсептейт. Анткени ал өз иши тууралуу башкаларга караганда жакшы билет. Ошондуктан тегеректегилердин аракетин байкабайт. Мисалы: күйөөңүз базардан азык-түлүк сатып келди, а сиз “туура эмес картошка сатып алыптыр” – деп, же аялыңыз аракет кылып тамак жасаса, «тузу кем же супсак экен» — деп нааразы болосуңар. Кайын энеңер балага тамак берип жатса, кесмесин эмес этин берип салды, же такыр эле тамакты туура эмес берип жатканын байкайсыз. Балаңыз (кызыңыз) жардам берем деп, чыныны сындырып алат же чайды төгүп алат. 

Мындайда сизди курчаган адамдарда, сизге эч нерсе жана эч ким жакпагандай сезими калат. Мурчуюп, кабагы ачылбаган кишиге эч кимдин жардам бергиси да келбейт.

Милдеттин баарын өзүнө жүктөп алуу

Үй-бүлөлүк милдеттерди эркектики жана аялдыкы деп бөлгөн болбойт. Физиологиялык милдеттерди эске албаганда (маселен бала төрөө же эмизүү).

Аял канчалык көп милдетти өзүнө жүктөп алса, ошончолук ага болгон сый азаят. Анын жасаган иштерин ыраазычылык менен кабыл алынбай, түздөн-түз милдети катары кабыл алынат. Ошондуктан айрым жумуштарды үй-бүлө мүчөлөрүнө тапшырганды үйрөнгүлө. Бардыгына тытынып, өзүм дей берген туура эмес.

Башканын эмгегин баалай билүү

Эмгегиңиздин баалашын кааласаңыз, алгач башканын эмгегине баа бергенди үйрөнгүлө. Мейли алар сизге караганда азыраак иш бүтүргөн болсун. Ошентсе да мактоого татыктуу да, туурабы? Мактап кою оор эмес да. Башканын жумушун, аракетин баалоо, алардын өзүнө болгон ишенимин жогорулатат. Мактаган кишиге эмоцияоналдык жактан жакын боло түшөт.

Күйөөңүзгө: “Иштеп бизди эч нерседен кем кылбай багып келгенине рахмат”.

Кайын энеңизге: “Апа, сиз болбосоңуз балдар менен эч нерсеге жетишмек эмесмин, каралашып бергениңизге рахмат”.

Балаңызга: “Балам сага чоң рахмат, сен болбосон бул ишти дагы бир топ жасап отурмакмын” ж.б.

Үй-бүлөлүк жашоого кошкон салымын баалап жатканын байкаган адам, сиздин да баркыңызды, эмгегиңизди көрө баштайт.

Ошондо, эмпатияны өнүктүрүүгө келип жеттик

Өзүңүздү-өзүңүз баалай барктай билиңиз. Жеке сезимдер, эмоциялар, абал тууралуу ачык айтуу зарыл. «Мен бүгүн, бул, бул жана бул иштерди жасадым. Аябай чарчап калдым. А мына муну жасай албай койдум. Колуман келген жок. Кандай кылсак болот? Кеңеш айтчы?»

Үй-бүлө бардык тетиктери дал келишкен, көп функционалдуу ишканага окшош. Андагы милдеттер бардыгына текши бөлүштүрүлүп, жоопкерчилик менен аткарылышы керек. Ошондо ортодогу түшүнүү жана бирин-бири баалоо пайда болот.

Бактылуу болгула!

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Насыя алып бизнес баштаса болобу? Жеке ишкер айтып берет

Насыя алып бизнес баштаса болобу? Жеке ишкер айтып берет

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.