AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Эмне үчүн күйөөсү урса деле аял андан кетпейт? Психологдун жообу

Эмне үчүн күйөөсү урса деле аял андан кетпейт? Психологдун жообу

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Карпман үч бурчтугу деп аталган капканга түшүп калган жоксузбу? Психолог Эльвира Чокоева ал капкан кандай экенин Bilesinbi.kg’ге айтып берди.

Карпман үч бурчутугу – психологиялык жактан токсиндүү, уулу болгон мамиленин социалдык модели. Анын үч катышуучусу болот. Үч бурчтукка камалган адамдар коомчулук менен толук кандуу мамиле кура алышпайт, алардын психологиялык жактан жашоо сапаты начар болот.

Үч бурч: Баш кесер, Жапа чегүүчү, Куткаруучу

Карпман үч бурчтугу үч адамдан турат. Алар:

Баш кесер (кээде Куугунтуктоочу деген да термин колдонулат) – бул өзүнүн аброюн ашыкча жогору баалаган инсан. Анын негизинде Жапа чегүүчү адамга тынымсыз кысым көрсөтүп турат.

Жапа чегүүчү – ар дайым кайгыда жүрөт, жапа чегет, өзүнө, тагдырына, дүйнөгө нааразы.

Куткаруучу – ар дайым колдоо көрсөтүүгө даяр. Жапа чегүүчүгө боор ооруп, куткарып алгысы келет. Бирок анын жашыруун жеке кызыкчылыгы бар.

Баш кесер менен Куткаруучу күчтүү адамдар. Экөөнүн айырмасы, биринчиси жалаң жеке кызыкчылыгын көздөп, агрессивдүүлүктү жана мыкачылыкты инструмент катары колдонот. Ал эми экинчиси, өзүн абройлуу жана керектүү сезүү үчүн жеке ресурстарын көп колдонот. Энергиясын текке кетирет.

Жапа чегүүчү – эң ыңгайлуу роль. Себеби ага ар дайым Баш кесери да, Куткаруучусу да табылат. Бул экөөнүн эсебинен өзүнө көңүл бурдуруп, элдин боорун оорутуп, алардын жардамын алат.

Жапа чеккендер жашоосу жана тагдыры үчүн жоопкерчиликти өзүнө алгысы келбейт.

Үч бурчтуктун ар бир катышуучусу жеке позициясына чын дилинен ишенет, жана башка пикирди кабыл ала албайт. Бирок айрым учурларда, байкабай ролдору менен алмаша беришет. Кандай болгон күндө да бул мамилелер жоопкерчиликти бири-бирине оодаруунун негизинде куралат.

Карпман үч бурчтугунун мисалы

Тимур менен Кыял – жубайлар, учурда экөөнүн мамилеси начарлап, кыйын күндөрдү башынан өткөрүп жаткан кез. Кыял өзүн бактысыз жана басым алдында калган адам катары сезет. Ошол эле учурда, Тимур жеке пикирин ойлонбостон, оңой эле таңуулайт. Бардыгы анын көзөмөлү жана макулдугу менен болушун талап кылат. Бул жакта Кыял – Жапа чегүүчү, Тимур – Баш кесер.

Күндөрдүн биринде Кыялдын чыдамы түгөнүп, экөө аябай катуу урушушат. Кыял оокатын жыйнап, курбусу Алимага качып келет. Курбусу чыныгы – Куткаруучу катары аны угуп, колдоо көрсөтөт. “Эмне кыласың ушундай жинди менен жашап? Тимур сенин баркыңды билген жок. Сен мындан жакшысына татыктуусуң!”

Бирок Кыял өз алдынча жашай албайт, ал күйөөсү Тимурду сагынат. Себеби, эми жоопкерчиликтин бардыгы анын мойнунда. Өзү чечим кабыл алууга аргасыз. Ошондо Жапа чегүүчү Кыял Баш кесерге айланат. “Сен күнөөлүсүң. Каяктагынын баарын айтып, башымды айлантасың! Тимур жакшы күйөө эле, бир аз сабаганы эле болбосо” – деп, Алиманы айыптайт.

Куткаруучу Алима эми Жапа чегүүчүгө айланды. Ал эми Тимур тескерисинче Куткаруучу болуп, Кыялды кайра үйүнө алып кетет. Цикл, кайрадан кайталанат.

Карпман үч бурчтугунан чыгуу үчүн эмне кылуу керек?

Бири-биринен көз каранды мамиледен баш тартуу жана чыгып кетүү оңой эмес. Канчалык орой угулбасын бирок, ар бири үчүн анын ойноп жаткан ролу көнүмүшкө айланып калган, бул комфорттуу, башкача айтканда ыңгайлуу зона.

Үч бурчтуктун ар бир катышуучусу өзүнүн ролун мыкты билет жана бул ролдо ишенимдүү сезет. Бул үч бурчтуктан чыгуу демек, жүрүм-турумдун жаңы моделин иштеп чыгуу дегендик. Бирок аны кантип иштеп чыкса болот?

Эгер Баш кесер экениңизди түшүнсөңүз, анда:

  • башка адамдын жеке пикирин сыйлаңыз, ишине кийлигишпеңиз;
  • башкалардын силерге бир нерсе жасап берүүгө милдеттүү деген жаңылыш пикириден баш тартыңыз;
  • сынчыл мүнөзүңүз эмнеден улам пайда болгон, себебин аныктаңыз;
  • башка бирөөнүн эсебинен жакшы, күчтүү көрүнүүгө умтулбаңыз, сынчылдыгыңызды өзүңүзгө багыттаңыз.

Эгер Жапа чегүүчү экениңизди түшүнсөңүз, анда:

  • өзүңүзгө болгон ишенимди жогорулатыңыз, өзүңүздү-өзүңүз кемсинтпеңиз;
  • ар бир чечимиңиз жана кадамыңыз үчүн жоопкерчиликтүү болуңуз;
  • жеке жашооңуздун тизгинин башка бирөөнүн колуна салып бербеңиз;
  • сизге эч ким эч нерсе жасап берүүгө милдеттүү эмес, муну факт катары кабыл алыңыз.

Эгер Куткаруучу экениңизди түшүнсөңүз, анда:

  • башкаларга эмес, өзүңүзгө жардам бериңиз;
  • Жапа чегүүчүгө “жок” деп айтканды үйрөнүңүз;
  • башка бирөөнүн милдетин, көйгөйүн өзүңүзгө оодарбаңыз;
  • ар бир адам жеке маселелерин өзү чечүүгө акысы бар. Ушул нерсени түшүнүп коюңуз;
  • сизден кеңеш сурап келгенде гана кеңеш бериңиз.

Эмне үчун Карпман үч бурчтугунан чыгуу зарыл?

Үч бурчтуктагы ролдордун бардыгы жеке инсан үчүн деструктивдүү (натыйжасыз, талкалоочу) болуп саналат. Башкача айтканда, адамдын толук кандуу инсан катары калыптанышына, жана бактылуу өмүр сүрүшүнө мүмкүнчүлүк бербейт. Бул капканга түшкөн киши жолун таппай кыйналат, жашоосуна канааттанбайт, коомдун башка мүчөлөрү менен мамиле кура албайт.

Карпман үч бурчтугу  — бул зыян адат, андан сөзсүз кутулуу зарыл. Анүчүн көйгөй бар экенин түшүнүп, өзүңдүн ролуңду кабыл алып, аны терең изилдеп, негативдүү, шаблондуу жүрүм-турумуңду аныктап, өзгөртүүгө аракет кылуу керек.

Үч бурчтуктун катышуучулары ич ара сүйлөшүп, ар бир көйгөйүн, нааразычылыгын ачык айтып, биргелешип чечүүгө багыт алуусу ийгиликке жеткире турган чоң кадам болот. Жоопкерчиликти бири-бирине шылтабай, өздөрү чечим кабыл алып калышат.

Болбосо, ар бири энергетикалык жактан түгөнүп, жеке кризиске дуушар болуп, депрессияга кабылат.

Эмнеге мындай мамилеге көңүл коштук кылуу болбойт?

Адам бул капканда канчалык көп убакыт өткөрсө, андан чыгуу ошончолук оор болот. Эгер мындай мамиленин курмандыгы болуп калганыңызды сезип жатсаңыз, дароо өзүңүздү жана жашооңузду өзгөртүүгө киришиңиз. Же болбосо квалификациясы жогору адистерге кайрылыңыз.

Эльвира Чокоева менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Мектеп окуучулары үчүн 4 мыкты смартфон

Мектеп окуучулары үчүн 4 мыкты смартфон

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.