AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Эмне үчүн антибиотиктер ооруну айыктырбайт?

Эмне үчүн антибиотиктер ооруну айыктырбайт?

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Салам, достор! Аба ырайы сууктап, ооругандар күчөдү. Бул учурда көпчүлүк дарыгерге баргандан эринип, өз алдынча дары иче башташат. Биз бүгүн силерге эмне үчүн өз алдынча дары ичпеш керек экенин айтып беребиз.

— Антибиотиктер — бул бактериялык инфекцияларды дарылоо үчүн колдонулган дарылар. Бактериялык инфекциялардын козгогучтары ар кандай бактериялар, ошондуктан ар кандай антибиотиктер бар. Ар кандай антибиотиктер микробдорго ар кандай таасир этет. Кээ бири микробдорду жок кылса, башкалары алардын өсүшүн жана көбөйүшүн токтотот.

— Антибиотиктерди дарыгериңиз жазып бериши керек! Антибиотиктерди өзүңүзгө өзүңүз жазып берип, өз билемдик кылып ичпеңиз. Адистердин катышуусуз инфекциянын түрүн аныктоо жана туура дары тандоо мүмкүн эмес. Антибиотиктерди кабыл алуу боор менен бөйрөккө катуу таасир этет, андыктан кээ бир дарыларды бир убакта ичүүгө болбойт, алкоголдук ичимдиктерди да алып салуу керек.

— Антибиотиктерди көзөмөлсүз колдонуунун кесепети өтө коркунучтуу. Алар боорго, бөйрөккө, кан түзүүчү органдарга уулуу зыян келтириши мүмкүн, угуу нервинин невритин, аллергияны, тарамыштын үзүлүшүн, кээ бир дарылар менен айкалышып, жүрөктүн оор аритмиясынын өнүгүшүнө алып келет.

— Биздин ичибизде көптөгөн микроорганизмдер жашайт. Алар баланста болсо, биз ден-соолукта болобуз. Бирок антибиотикти себепсиз ичкенде, башкача айтканда, бактериялык инфекция жок болгондо бул тең салмактуулук бузулат. Анткени, антибиотик тандабайт — ал патогендик бактерияны, же таптакыр зыянсызды өлтүрөт. Натыйжада, ар бир мындай дарылоо курсу менен, бул антибиотикке сезгич бактериялардын кээ бирлери өлөт, айырмадыр ага туруктуу бойдон калат. Убакыттын өтүшү менен кийинки жолу жугуштуу ооруга чалдыгып, антибиотик керек болгон учурда,ал  таасир бербей калат.

А сиз ичет белеңиз?

Белгилер: Ооруба
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

17 ноября, 2025
3.3k

Киберкуугунтук деген эмне, аны менен күрөшүү жана чоңдордун жана өзгөчө балдардын жашоосунда алдын алуу жолдору тууралуу "Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук фондунун жетекчиси Татту Мамбеталиева менен маек курдук.- Алгач киберкуугунтук...

Кийинки макала
Жигитимди “бабник” деп ойлойм. Андан кантип кол үзсөм болот?

Жигитимди “бабник” деп ойлойм. Андан кантип кол үзсөм болот?

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.