14-февраль күнү «Айкын багыт» фонду ЮНИСЕФ менен өнөктөштүктө иштеп чыккан «ОКУ» тиркемесин, аймактардан келген мектеп окуучуларга тааныштырды. Иш-чарада бой жетүү тууралуу маалыматтар берилип, кызыктуу оюн-зооктор менен коштолду. Кыздар айызды көзөмөлдөп, сонун маалыматтарды алууга жардам берген «ОКУ» тиркемесин колдонууну үйрөнүштү. Эгер сиз бул колдонмону жүктөй элек болсоңуз, дароо Play Market жана AppStore аянтчаларына кириңиз.







