«Айыл Банк» ААК 2020-жылдын 19-августунан тартып жеке жактар үчүн «Кенч» депозит ченин 12%га, юридикалык жактар үчүн «Элет» депозит ченин 11%га чейин жогорулаганын маалымдайт.
Эми сиз сом менен 36 айга (3 жыл) депозит ачып, каражаттарыңызды сактап, киреше алсаңыз болот.
Депозиттер үчүн минималдуу сумма:
— «Кенч» — 1000 сом,
— «Элет» — 5000 сом.
Депозит ачуу үчүн, «Аыл Банктын» каалаган филиалына барып, паспортуңузду (юридикалык жактар үчүн, тийиштүү документтер тизмесине ылайык) көрсөтүүңүз керек.
Кошумча суроолор боюнча https://ab.kg/ сайтына же «Айыл Банк» ААКнын бөлүмдөрүнө кайрылыңыз.







