Саламатсызбы. Турмушка чыкканыма беш жыл болду. Жогорку окуу жайды бүтүрдүм. Кайын энем, “балам окутту”, “балам мынтти-тигинтти” деп көп айтат. Болбосо, өз күчүм менен бюджетке өтүп окудум.
Атам каза болуп калган, апам эмдигиче төркүлөтүп чакыра элек. Ошону ар дайым айтып, мени кемсинте берет. “Төркүнү жокпу? — дешет мага элдер”, “Элге уят болдум” – дейт.
Мен үйдүн улуусумун, иним менен сиңдим жаш. Апамды кыйнап, чакыргыла дей албайм. Иштейм, өз киймимди өзүм таап, кайын журтум сураган нерселерин алып берип турам. Ишенесиңерби, ушу күнгө чейин апама бир көйнөк алып бере элекмин.
Чай ичип отурганда ар кимдин келинин мактайт. Биздин алып бергендерибизге эч эле ыраазы болбойт. Кайын энем көңүлүмдү оорутуп бүттү. Бул кишиге кандай мамиле жарашат?
Жолдошум жакшы эле адам. Ага айтып, кайын энеме каршы үгүттөгүм келбейт. Болгону мени түшүнсө. Майда нерселерге көңүл бурбай, элдин сөзүнө кирбей жашаса, дейм.
Кээде жалгыз уулга турмушка чыкканыма аябай өкүнөм. Бир гана балдарымды аяйм. Эмне кылсам? Мага кеңеш бергилечи?







