Саламатсызбы. Турмушка чыкканыма 8 жыл болду. Күйөөм экөөбүз, кудайга шүгүр ынтымактуу, бактылуу жашайбыз. Экөөбүз тең иштейбиз, мен көбүрөөк табам.
Көйгөйүм кайын энем. Майда-чүйдө иштерге кийлигишип, уруш чыгарып, дароо мени каргап-шилеп кирет. “Канчык”, “жалап” деген сөздөр менен сөгөт. Эки сөзүнүн бири эле “ажыраштырам, башка катын алып берем”.
Унчукпай кутулайын десем, “не сүйлобөйсүң, тоготпогонуңбу” дейт.
Ата-энемдин эрке кызы болуп өскөндүктөн мындай сөздөр мага катуу тиет. Аларга айтканым жок. Биле турган болушса бир күн да жашатышпай алып кетип калышат. Таарынычымды ичиме катып, ыйлап отура берем. Өзүм тиричиликке, үй оокатына тыңмын.
Акча салганда гана жакшы сөз угам. Кайын энем менен жана күйөөмдүн бир туугандары менен кантип тил табышып, жакшы мамиле кура алам?







